1956-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 3 баланын атасы. Физика-математика илимдеринин доктору.
1977-жылы Ош педагогикалык институтунун “физика мугалими” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1977-1979жж. – Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айылынын мектебинде физика сабагынан мугалим
1983-жылдан 1986-жылга чейин Эстониядагы Тартус мамлекеттик окуу жайында аспирантурада окуган.
-1979-1992 жж. – Ош педагогикалык институтунда лаборант, улук лаборант, окутуучу, улук окутуучу жана аталган институтунун эксперименттик жана теориялык физика кафедрасынын доценти
1992-1994 жж. – КУУнун физика кафедрасынын доценти;
1994-2002 жж. – “Дастан” технологиялык университетинин жетекчиси
1994-1999 жж.- Бишкек шаардык Кеңештин Биринчи май району боюнча депутаты;
2002-2005 жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
2005-2007 жж. – КР Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары;
2007-2008 жж. – КР Билим берүү жана илим министри;
2008-2010 жж. – КР Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
2010-2015 жж.- “Ар-Намыс”фракциясынан КР ЖК депутаты;
2016-жылдан тартып Ж. Баласагын атындагы КУУнун “физика жана электроника” факультетинин “физика” кафедрасынын профессору болуп эмгентенип келген;
2022-жылдын 10-майынан бери КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы