21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Мекенди коргоо – тил жана маданиятты коргоодон башталат” аттуу жолугушуу болуп өттү

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия   КР КК Улуттук гвардиясы  менен биргеликте   “Инсандын руханий-адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана   дене-тарбиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында жана 21-февраль – Эл аралык  эне тил күнүнө карата  “Мекенди коргоо – тил жана  маданиятты коргоодон башталат” аттуу иш-чара  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын  10126 аскер бөлүгүндө  өттү. 

Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана башкы адис Асылбек Орозов, КР эмгек сиңирген артисти төкмө акын Азамат Болгонбаев, Республикалык энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, Кыргыз эл акыны, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Карбалас Бакиров жана КР УИАнын Тарых институтунун бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты  Аида Кубатова   катышты. 

        Жолугушууну КР эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев ачты. 

Кыргыз эл акыны, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Карбалас Бакиров “Кыргыз жоокерлеринин аттуулдук ар-намысы”  темасында атуулдук  ырларды окуп берди, тарых илимдеринин кандидаты  Аида Кубатова  “Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү инсандардын ролу”  темасында баяндама жасады жана өз калемине таандык китептерди аскер бөлүктүн китепканасына  белекке берди. 

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев өзүнүн калемине таандык атуулдук жана тамашалуу ырларын окуп  жоокерлердин маанайын көтөрдү.

Иш-чара Улуттук гвардиянын оркестры тарабынан даярдалган чакан концерти менен жыйынтыкталды.

Архив