Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

2020-жылдын 19-февралында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Эне тилдин эл аралык күнүнө карата мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. 

Жыйынды кириш сөз менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачты, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев Улуттук университеттин окутуучулары менен студенттерин эне тилдин эл аралык майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды: 

“Кыргыз тили” төш белгиси менен:

1. Абакиров Курманбек – кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору

Ардак грамота менен:

1. Орозалиева Жүрсүн – кыргыз филологиясы факультетинин доценти;

2. Мамбетова Сардагүл - кесиптик колледждин кыргыз тили жана адабияты окутуучусу;

3. Апаева Софья – кыргыз-кытай факультетинин деканы, доцент.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук университетте тилдерди окутуу боюнча слайд көрсөтүлүп, студенттер англис, орус, француз тилдеринде доклад жасап, ырларды окушту.


Булак: КУУнун маалымат кызматы

Архив