Эне тилим – эне сүтүм аттуу акыл таймаш болуп өттү

22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография кызматкеринин күнү жана 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында 2021-жылдын 22-февралында кыргыздын залкар төкмө акыны, комузчу, обончу, коомдук ишмер Арстанбек Буйлаш уулунун өмүрү жана чыгармачылыгын таанытуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, эл ырчысы, комузчу, “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисти Өмүрзак Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү, акын Кутмырза Жакыбалиевдер чакырылып, Арстанбек Буйлаш уулунун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу Акыл таймаш интеллектуалдык мелдешине калыстар тобу катары катышты. Андан тышкары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жерге жайгаштыруу, картография жана мамлекеттик каттоо системасындагы көп жылдык ак ниеттүү эмгеги үчүн Бишкек филиалынын директору жана башка айрым кызматкерлер жогоруда аталган органдардын “Эмгек ардагери”, “Ардактуу кызматкер” төш белгиси, Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары менен сыйланды. Мелдеште алгачкы 3 орунду ээлегендерге баалуу белектер тапшырылды. Атап айтканда, 1-орунду ээлеген Бишкек филиалынын архив бөлүмүнүн кызматкери Айсулуу Жолдошбек кызы Ысык-Көлдүн айланасында 2 күндүк турга 3 кишилик жолдомо, 2-орунду ээлеген кадастр жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн кызматкери Света Дүйшөк кызы 2 кишилик жолдомо, 3-орунду ээлеген келишимдерди жол-жоболоштуруу бөлүмүнүн кызматкери Чолпон Турусбекова 1 кишилик жолдомо утту. Айрыкча, Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармаларын көркөм окуп, комуз менен ырдап берген башка кызматкерлер дагы Бишкек филиалынын Алкыш баракчасы жана баалуу белектер менен сыйланды.

Мындай иш-чаралар Бишкек филиалында бир нече жылдан бери өткөрүлүп, салтка айландырылганын баса белгилеп коюу керек. Улуттук аң-сезимди ойготуу, жандантуу жана калыптандыруу үчүн эне тилдин маанисин элге кеңири жеткирүү максатында уюштурулуп жаткан мындай иш-чараларга жигердүү катышууга кызматкерлер өздөрү кызыкдар. Анткени кызматкерлер эне тилин гана билүү менен чектелбестен, баалуу белектер менен да сыйланып келет. Бишкек филиалынын жетекчилиги жана кесиптик бирлиги тарабынан мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө арналган акыл таймаштары сыяктуу иш-чаралар мүмкүнчүлүккө жараша колдоого алынып келет.

Архив