КЫРГЫЗ ЭЛИНИН СЫЙМЫКТУУ УУЛДАРЫ - КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ, ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ, СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ ЭСКЕРИЛДИ

Элибиздин мыкты инсандарын эскерүү максатында Н.Исанов атындагы КМКТАУда Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент Карлыгач Жумакадырованын демилгеси менен университеттин 1-курстарынын арасында 2 жума катары менен сабак-конференция болуп, 19-майда илимий-практикалык конференция менен жыйынтыкталды. Алгач 12-майда башталган илимий-практикалык конференцияны борбордун жетекчиси К.Жумакадырова ачып берип, бул конференциянын максаты, өткөрүү зарылчылыгы менен тааныштырды. Себеби жыл сайын салтка айланган Сооронбай Жусуевдин 15-май туулган күнү ар дайым конференция ж.б. иш-чаралар менен коштолуп келген. Бул жолу Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, Түгөлбай Сыдыкбековдун 14-май туулган күнүнө жана борбордун ысымы коюлган Сооронбай Жусуевдин 15-май туулган күнүнө карата студенттер өз ара “Касым Тыныстанов”, “Түгөлбай Сыдыкбеков” жана “Сооронбай Жусуев” топторуна бөлүнүп алып даярдаган презентациялары көрсөтүлүп, кайра бышыктоо иретинде текшерүү иши ар түрдүү форматта ишке ашты. Жаңы маалыматтык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен студенттер ар түрдүү жаңы ыкмада баяндама жасап, мыкты видеолорду даярдап, ар тараптуу чыгармачылык менен изденгендиги жакшы натыйжа берди. Конференциянын ачылышына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы   А.О.Ишеналиева жана тил саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси С.Толукбаева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Г.Ү. Ибраимова, университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Т.Т.Болотов, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышып, кызыктуу маалыматтар атылды. ПИН-1-2-3-4-20 тобунун студенттери даярданган презентацияларды ар тараптуу көрсөтүп, катышуучулардын купулуна толду. Иш-чаранын эң негизги максаты кыргыздын залкарлары тууралуу ар тараптуу маалымат берүү, ал аркылуу жаштарды шыктандыруу болду. 

Архив