Талас шаарында жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фетивалы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Эл акыны, драматург, публицист, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эгемберди Эрматов көзү тирүү болгондо 2021-жылдын 10-июлунда 70 жашка чыкмак. Аталган мааракеге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, "Нурборбор" чыгармачылык академиясы жана Эгемберди Эрматов коомдук фонду биргеликте 4-июнда Талас шаарында жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фестивалын өткөрдү. Фестивалга өлкөнүн 7 дубанынан тандалып алынган жаш акын-жазуучулар катышып, мыктыларына сыйлыктар ыйгарылды.
Буга чейин аталган фестиваль 2017-жылы Баткен облусунда, 2019-жылы Ош облусунда өткөрүлгөн.
Архив