Карылар жана балдар үйлөрүнө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан чыккан китептер белекке берилди

«Сен китепти ачсаң китеп сени ачат», – деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай ар бирибиз китеп окуганды адатка айландырсак жан дүйнөбүз байып, сөз байлыгыбыз кеңейип, дүйнөтаанымыбыз өсөт. Ал эми балдар үчүн китептин тийгизген пайдасы абдан чоң. Ар бир бала күн сайын бир саатын китеп окууга бөлүп турса, анын акыл чөйчөгүнүн толук кандуу калыптанышына ишенимдүү өбөлгө түзүлөт. Мына ушулардын баарын эске алып Улуттук комиссиянын жетекчилиги жана жамаатынын чечими менен Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы карылар жана балдар үйлөрүнө комиссия тарабынан чыгарылган китептерден белек катары тапшырып келдик. 

        2015-2019-жылдар аралыгында Улуттук комиссия тарабынан жалпы 200гө чукул аталыштагы китеп 500дөн кем эмес нускада басылып чыккан. 

Жарык көргөн китептер республика боюнча китепканаларга, мекеме-уюмдарга акысыз таратылууда жана электрондук түрдө Улуттук комиссиянын mamtil.kg расмий сайтына жайгаштырылган. 2016-2020-жылдары 37652 китеп таратылган, анын 39% бюджеттик мекемелерге, 31% коомдук мекемелерге, 20% иш чараларга, 10% авторлорго берилген. 



Архив