Бишкек шаарында мамлекеттик тил маселелери жолго коюлат

Бүгүн 28-июлда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча чоң кеңешме өттү. Кеңешмеге Бишкек шаарынын вице-мэри М.Сазыкулов, Бишкек шаар мэриясынын райондук администрация башчылары Свердлов районунун башчысы – Б. Карамшаков,  Биринчи май району –М. Нусубалиев, Октябрь району – Д.Арпачиев, Ленин району – М.Осмонов, Бишкек шаардык Жарнама департаментинин, Бишкек шаардык Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, Бишкекшааркурулуш башкармалыгынын, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчилери катышты. 

Белгилүү болгондой, КР Президенти С.Жапаров 2021-жылдын 2-июлунда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил  боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаевди кабыл алууда Президенттин Администрациясында, Министрлер Кабинетинде, Жогорку Кеңеште жана бардык мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын, тышкы жарнамалар, маалыматтардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн, котормо тексттердеги дал келбестиктерди текшерүү жана алардын жыйынтыктарын коомчулукка жеткирүүнү тапшыруу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин күчөтүү зарылдыгы баса белгилеген. 

Президенттин тапшырмасына ылайык уюштурулган жыйында Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы С.Мусаев тарабынан борбор шаарыбыздын көчөлөрүндөгү көрктү бузган, элдин кыжырына тийген, Мамлекетик тил жөнүндөгү мыйзамга туура келбеген тышкы жарнамалар, жазуу-сызууларды, көрүнөө маалыматтарды оңдоо, башка тилде жазылган тексттерди туура, сабаттуу которуу, жазуу иштерин тез арада алдыга жылдыруу маселеси кабыргасынан коюлду. Андан сырткары муниципалдык мекемелердеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү, лингвист-эксперттердин иши талкууланды. Жыйындын катышуучулары айтылган маселелер боюнча өз ойлорун билдирүү менен, Бишкек шаарында тышкы жарнамалар, көрүнөө маалыматтар кыргыз тилинде сабаттуу жаздыруу, туура эмес жазылган тексттерди оңдоо, шаар мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү иштерин алдыга жылдырууга милдеттенме алышты. 

Кеңешмениин жыйынтыгы менен ар жума сайын аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, август айында Бишкек шаар мэриясынын аппаратынын, Бишкек шаар мэриясынын  райондук администрациялары, мэрияга караштуу мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде алып барылышына мониторинг жүргүзүлөт. 

Архив