Жаңы саамалык

Өзгөрүүнү өзүңдөн башта...


Мекен кайдан башталат?...

Ооба, бир караганда жеңил эле сезилген бул суроонун мааниси убакыт өткөн сайын канчалык терең экендигине ынануудабыз... Олуттуу ойлончу мезгил келген өңдүү... 31-августта өлкө Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө алдында турат. Албетте, 30 жыл – бул эми тарых. Эмнелерге жетиштик, кандай каталарды кетирдик?..

Тарых – бүткүл адамзаттын басып өткөн жолу.

Бирок, адам баласы тарыхты көчүрүп, оңдоп жазганга же аны унутканга акысы жок. Тарых – бул күзгү. Ошондуктан ар бир жаран андан сабак алып, ойлонуусу кажет: мен өлкөм үчүн эмне жасадым? Ооба, дал ушундай, бир тамчы болсо да салым кошуу менен ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, жашообуздун ирденип кетүүсүнө, бай жана бактылуу болушуна ар бирибиз салым кошо алдыкпы? 

Бизде көп улуттун өкүлү жашайт, ар түрдүү тилде баарлашабыз. Бул да болсо биз үчүн байлык эмеспи. Бир акылман айткандай, канча тил билсең, ошончо дил билесиң, сен ошончолук Адамсың!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын” бекитүү жөнүндө Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, академик С.Ж.Мусаев баштаган комиссиянын жамааты менен КТРКнын журналисти И.Тарасованын жолугушуусу болуп өттү. 

Анын жүрүшүндө И.Тарасованын “Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!”- аттуу автордук долбоорун биргелешип жүзөгө ашырууну сунуштап, макулдашылды. 

Долбоордун башкы идеясы – Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү. Бул демилге өлкөбүздүн ар бир мамлекетчил жаранын кайдыгер калтырбайт, мекенчилдик сезимин ойготот деген ойдобуз. Бул Кыргызстандын улуттук идеяларынын бири экендиги талашсыз. Аны жалпы коомчулукка алып чыгып, бардык деңгээлдерде талкуулоо жана жайылтуу абдан маанилүү.

Долбоорго катышууга жана аны жүзөгө ашырууга өзүн өлкөбүздүн патриоту деп санаган, анын тагдырына, бүгүнкүсүнө жана келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранды чакырабыз. Ошондой эле кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандардын да катарыбызга кошулуусун күтөбүз. Кыргыз тилин үйрөнүү менен кыргыз элинин бай руханий дүйнөсүн, тарыхын, маданиятын үйрөнүүгө эшик ачылат. Долбоорго катышууну каалагандар өздөрү тууралуу бир мүнөттүк видео-презентация жиберүүсү керек.

mamtil.kg@mail.ru         0551996504,  0312315821, 0551996517

Архив