Б.Осмонов атындагы ЖАМУда мамлекеттик тил күнү белгиленди

2021-жылдын 23-сентябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты кафедрасы менен Мамлекеттик тил борборунун уюштуруусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата “Мамлекеттик тил – кыргыз элинин улуттук дөөлөтү” аттуу студенттердин арасында акыл таймашы болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМУнун Мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Н.К.Жалилова төмөнкүлөрдү билдирди: Таймаштын максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү, студенттердин мекенчилдик, атуулдук сезимин ойготуу, окуу жайда мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын калыптандыруу жана өнүктүрүү, жаштарды мекенчилдикке үндөө жана тарбиялоо болуп, суроолор Кыргызстандын тарыхы жана маданияты, үрп-адаты, каада-салты, тили, агартуучулары, саясий ишмерлери жөнүндө болду.

Иш чарада окуу жайдын ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов, КР Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин “Укук жана техникалык эмгекти коргоо” инспектору А.Ч.Айдаров, ЖАМУнун профсоюз комитетинин төрайымы М.Маткаримова куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты. 

Акыл таймашына жалпы 5 команда катышышып, кафедранын профессору, ф.и.д., И.Абдувалиев, ф.и.к., доцент А.Кадырова, КР Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин жаштар кеӊешинин өкүлү Т.М.Бакировдор калыс болуп, студенттердин билимин баалашты. Жыйынтыгында, 1-орунду ПМТФнын “Акыл кенчи», 2-орунду ТТФнын «Бийиктик», 3-орунду ФФнын «Алтын ордо» командалары багындырышты. Андан сырткары, оюн ичинде оюн уюштурулуп, ага жалпы залдагы студенттер катышышып, ФМББм-1-18 тайпасынан Раева Мадина, ЛДк-1-18 тайпасынан Акматов Жумабек, Юк-1-20 тайпасынан Кубанычбек уулу Амантур   “Мыкты оюнчу” номинациясына, ал эми КТ-1-20 тайпасынын студенти Калыбек кызы Айгүмүш “Интеллектуал студент” номинациясына ээ болду. Таймаштын соӊунда студенттерге баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылды.

Архив