“Ички иштер органдарында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы айрым маселелер” деген темада илимий-практикалык конференция өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата “Ички иштер органдарында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы айрым маселелер” деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаттарынын бири – Ички иштер органдарындагы юридикалык терминдерди бирдейлештирүү болуп эсептелет.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, ИИМдин, Бишкек шаардык ИИОнун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык университетинин, И.Арабаев атындагы КМУУнун, Кыргыз-Түрк «Манас” университетинин ИИМдин Республикалык окуу борборунун жана ИИМдин Академиясынын окутуучулук курамы катышты.

Архив