Сыйлык – сыймык

Кызматтык милдеттерин натыйжалуу, так аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн урматына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Маалыматтык талдоо бөлүмүнүн башчысы Супатаева Альфира Илиясовна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энчилүү сааты менен сыйланды. 

Сыйлыкты КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан, Президенттик Администрациянын өкүлү Капалбаев Октябрь Эркинович тапшырды. 

Жалпы жамаатыбыздын атынан, Альфира Илиясовнага, бекем ден соолук, кызматтык жетишкендик жана ийгилик каалайбыз.


Архив