"Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү" аттуу кереге кеңеш өттү

Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы "Жаш Муун" жаштар борборунда, 29-сентябрь күнү, "Кадам" коомдук бирикмеси тарабынан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата уюштурулуп, ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү, "Кыргыз тили" коомунун өкүлдөрү, ЖОЖдордун педагог жана филологдору, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана жаштар катышты.


Кереге кеңештин негизги максаты Мамлекеттик тилдин орчундуу көйгөйлөрүн аныктоо жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу.


Иш-чаранын жүрүшүндө "Кадам" коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлүп жаткан сурамжылоонун болжолдуу жыйынтыктары жана Кыргыз Уикипедиясын өнүктүрүү долбоору кызуу талкууланып, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бирге аракет кылуунун бир катар жолдору сунушталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Архив