Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган 10 күндүк декаданын жыйынтыгы чыкты

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган саамалык, 10 күн ичинде окуу жайдын жаштарына жакшы таасир берүү менен алардын тилге болгон мамилесин арттырууга түрткү берди.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнүн 32 жылдык майрамдык салтанатына карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган 10 күндүк декада жыйынтыкталды.

Саамалыктын соңку күнүндө окуу жайдын жетекчилик жамааты менен бирге окутуучулар ,студенттер  уюштуруу тобу тарабынан кыргыз тилинин тарыхы тууралуу чакан сахналык көрүнүш менен коштолгон концерттик программага  күбө болушту.

Андан соң кеченин жүрүшү аталган декаданын катышуучуларын сыйлоо аземи менен уланды. Мында  10 күн ичинде өткөрүлгөн ар бир иш-чарага активдүү катышып алдынкы орундарды ээлеген жеңүүчүлөр Ардак грамота, акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты. 

Эскерте  кетсек декада университеттин  “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, анда “Сабаттуу бол” акциясы, “Иш кагаздардын жазылышы” аттуу семинар, онлайн тест, улуттук- тарыхый көргөзмө, кыргыз кино баяны жана улуттук спорт оюндары сыяктуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Архив