Улуттук комиссия мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия 2021-жылдын 28-октябрында Улуттук комиссиянын алдындагы мекемелер, комиссиялар жана кеңешме органдын мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйын уюштурду. Жыйынга 70тен ашык кызматкер катышты.

Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгууга байланышкан маселелер ж.б. каралып, стратегияны иштеп чыгуу үчүн ар тармактын өкүлдөрүн камтыган, 15 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы №319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Улуттук комиссиянын аталышы, жобосу, түзүмү өзгөрүп, карамагына «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси, «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, ошондой Терминологиялык комиссиясы өткөрүлүп берилген.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ, УЛУТТУК КОМИССИЯ КООМЧУЛУКТАН ДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЖАНА ТИЛ САЯСАТЫН ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ КАРАТА СУНУШ-ПИКИРЛЕРДИ КҮТӨТ.

Электрондук дарек: mamtil.kg@mail.ru.


Архив