«Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалдын ЖОБОСУ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет ѳлкѳлүк студенттер арасында «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестиваль ѳткѳрѳт.

Ушул жобо «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу фестивалды ѳткѳрүү жана ага катышуу тартибин, шарттарын жѳнгѳ салат.


Фестивалдын максаты 

  1. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
  2. Чет өлкөлүк студенттерге кыргыз тилин үйрөнүүгө түрткү берүү
  3. Чет ѳлкѳлүк студенттерди ѳлкѳ, маданият, каада-салт менен жакындан таанышууга шарт түзүү; 
  4. Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын сактоо, рухий дѳѳлѳттѳрүн даңазалоо;
  5. Эл аралык достук мамилелерди чыңдоо.


Фестивалдын шарты жана тартиби

  1. Фестиваль Кыргыз Республикасында окуп жаткан чет ѳлкѳлүк студенттер арасында ѳткѳрүлѳт.
  2. Фестивалга 5-10 студенттен түзүлгөн команда менен катышат.
  3. Бир окуу жайдан бирден гана команда катыша алат. 
  4. Фестивалдын катышуучулары 3 номер менен талантын көрсөтүп берет:
  5. Саламдашуу. Команда ѳзүлѳрүн чыгармачылык менен кыргыз тилинде тааныштырат (5 мүнөт);
  6. Кыргыздын улуттук ырларынан аткаруу (5 мүнөт);
  7. Кыргыз улуттук бий ѳнѳрүнѳн көрсөтүү (5 мүнөт);
  8. ЖОЖдордун катышуу билдирмелери (катышуучулардын тизмеси менен кошо) 2021-жылдын 20-ноябрына чейин төмөндө көрсөтүлгөн электрондук дарекке жиберилүүгө тийиш.
  9. Фестиваль 2021-жылдын 14-декабрында 17:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ѳткѳрүлѳт.


Фестивалдын жыйынтыгы

  1. Фестивалга калыстык кыла турган топтун курамын фестивалдын уюштуруучулар тобу аныктайт;
  2. Баалоо 5 баллдык система менен жүргүзүлѳт. 
  3. Калыстар ачык добуш беришет. 
  4. Орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

Баш байге (1)

1-орун (1)

2-орун (2)

3-орун (3)

Мындан сырткары фестивалдын жеңүүчүлѳрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Эл аралык жогорку медициналык мектеби тарабынан баалуу белектер, Ардак грамоталар, Алкыш барактары жана кызыктыруучу сыйлыктар, китептер менен сыйланышат.  


Байланыш 

Электрондук дарек: state_language@ism.edu.kg

Байланыш телефону: 0312644431, 0555484950 (Узаков Орозали Жаанбаевич), 0701262663 (Зайыркулова Рима Жеңишовна).

Архив