Ош облусунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өттү

2021-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Д. Жаныкулов, Ош шаарынын вице-мэри В. Рыскулова, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Нуранов жана жалпы  аппараттын 109 кызматкери катышты. 

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №76 буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы, 2021-жылдын 11-октябрынан 16-ноябрына чейинки документтери текшерилип сунуштар берилди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаев мындан ары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу максатында бир топ иштерди аткаруу керек экендигин баса белгиледи. 

Архив