КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын орун басары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 22-ноябрындагы №218 Тескемесине ылайык Тажиматов Санжарбек Камбарович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Төраганын орун басарын КР Президентинин Администрацисынан Октябрь Капалбаев жалпы жамаат менен тааныштырды. 

Тажиматов Санжарбек Камбарович 1974-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку. 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетинин “Тарых жана социалдык-гуманитардык тартиптердин окутуучусу” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошондой эле 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик башкаруу жана саясий технологиялар” адистиги боюнча магистирдик даражасы берилген.

Тажиматов С.К. өзүнүн эмгек жолун 1994-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу № 28 Учар орто мектебинде тарых сабагынын мугалими катары баштаган.

1996-жылдан 1998-жылга чейин Ош технологиялык университетинин “Философия жана социология” кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген.

Ал эми 1998-жылдан 2009-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин “Археология жана этнология” кафедрасынын ага окутуучусу болуп иштеген. Ушул жылдар аралыгында аталган факультеттин тарбия иштери боюнча, сырттан окуу боюнча декандын орун басары кызматын аркалаган. 

2005-2007-жылдары “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун “Зордук-зомбулукту эртелеп алдын алуу” долбоорунун Ош облусу боюнча координатору болуп иштеген.

2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмгектенген.

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын этникалык өнүгүү жана диний саясат бөлүмүнүн эксперти кызматын аркалаган.

2011-2013-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу болуп эмгектенген.

2013-жылдын апрель айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн эксперти болуп үзүрлүү эмгектенген.

2020-жылдын 18-январынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти кызматын аркалап келген.

Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси.

Архив