Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын ДОЛБООРУ

Бул долбоор "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына" 2021-жылдын 19-октябрынан 22-ноябрына чейин коомдук талкууга коюлган. Коомчулуктун өтүнүчү менен сайтка жайгаштырылды.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө


Кыргыз тили – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизи, көзкарандысыздыктын символу эгемен Кыргыз Республикасын түзгөн титулдук калктын тили жана эң көрүнүктүү маданий дөөлөттөр жаралган байыркы түрк тилдеринин бири. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусунун Конституцияда көрсөтүлүшү жана мамлекеттик тил катары мамлекеттик жана коомдук турмуштун баардык тармактарында кеңири жана толук түрдө колдонулуш тартибинин ушул конституциялык мыйзам менен аныкталышы кыргыз элинин иденттүүлүгүн сактоого жана улуттук маданиятын өнүктүрүүгө, тил саясатын өркүндөтүүгө негиз түзөт жана мотивациялайт.


1-глава. Жалпы жоболор


1-берене. Мыйзамдын статусу жөнүндө

Ушул конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин колдонулушунун укуктук негиздерин, мамлекеттин аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу укугун камсыз кылат.


2-берене. Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили − Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.

2. Кыргыз Республикасында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусу ушул конституциялык мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган чөйрөлөрдө анын милдеттүү колдонулушун камсыздайт.

3. Мамлекеттик тил колдонулган баардык тармактарда кыргыз адабий тилинин орфоэпиялык, орфографиялык, стилдик, грамматикалык ченемдери сакталат.

Кыргыз адабий тилинин алфавитин жана орфоэпия, орфография эрежелерин адистер иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

4. Мамлекеттик тил - Кыргыз Республикасынын баардык этносторун бириктирүү милдетин аркалаган, өлкө ичинде алардын ортосундагы өз ара мамилелерди жана байланыштарды бекемдөөгө түрткү берген этностор аралык пикир алышуу тили.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин колдонулушу расмий тилдин колдонулуш чөйрөсүн тарытпайт, Кыргыз Республикасынын этносторунун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун кемитпейт жана четке какпайт.


3-берене. Расмий жана башка тилдердин колдонулушу

1. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат. 

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган баардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин өнүктүрүү принцибин карманат. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эне тилин колдонууга, баарлашуу, тарбиялоо, окутуу жана чыгармачылык иштерин аткаруу тилин эркин тандап алуу укугуна ээ.


4-берене. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул конституциялык мыйзамдан, мамлекеттик тилдин колдонулушун жана өнүгүшүн жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан турат.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулат.


5-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили колдонулуучу тармактар

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили милдеттүү түрдө колдонулат:

1) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин баардык түрүндөгү жергиликтүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;

2) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;

3) Кыргыз Республикасынын сот өндүрүштөрүндө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында;

4) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүдө;

5) ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарында жана документтерди жүгүртүүдө;

6) мамлекеттик бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин баардык түрүндөгү уюмдардын аталыштарында;

7) административдик-аймактык бирдиктердин, географиялык жана топонимдик объектилердин аталыштарында, ысымдарда;

8) фирмалык аталыштарда, соода маркаларында жана тейлөө белгилеринде;

9) нотариалдык кеңселерде, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын тастыктаган документтерди тариздөөдө, жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоодо, билими жөнүндө жана (же) квалификациясы боюнча документтерди жана мамлекеттик үлгүдөгү башка бланкттарды тариздөөдө;

10) билим берүү, илим, маданият, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, жалпыга маалымдоо каражаттары, китеп басып чыгаруу, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын колдонуучу интерфейстери, коомдук иш-чаралар, жарнама, транспорт чөйрөлөрүндө, турмуш-тиричилик тейлөө кызматтарында жана башка коомдук тармактарда;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка чөйрөлөрдө.






2-глава. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюм, мекемелерде мамлекеттик тилди колдонулушу


6-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш жүргүзүүчү тили

1. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш жүргүзүүчү тили – мамлекеттик тил. 

2. Мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде мамлекеттик тил колдонулат жана зарылчылыкка жараша расмий тил колдонулушу мүмкүн.


7-берене. Шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде мамлекеттик тилди колдонуу

1. Шайлоолордун жана референдумдардын документтери мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, алар керек учурларда расмий тилге которулушу мүмкүн.

2. Шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү үчүн бюллетендер мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.

3. Телерадио жана гезит, журналдар аркылуу берилүүчү шайлоо алдындагы үгүт материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет жана жайылтылат.

Аудио, видео материалдар жана алардын топтомдору, ошондой эле саясий жарнама, үгүт жана теледебаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.


8-берене. Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүндө колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын сотторунда сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, ал эми зарыл болгон учурда сот процессинде расмий тил Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн. 


9-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрдө, укук коргоо органдарында мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башка аскердик түзүлүштөрдө документтер, иш кагаздарын жүргүзүү, буйрук берүү жана башкарууда, окутуу, тарбия иштери, уставдык мамилелер жана кызматтык ишмердүүлүк милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

2. Укук коргоо органдарынын баардык түрлөрүндө, документтер, иш кагаздары, кызматтык ишмердүүлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен баарлашуу мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

Укук коргоо органдарынын кызматкери мамлекеттик тилди билбеген адамдар менен расмий тилде же котормочунун жардамы менен да сүйлөшө алат.




10-берене. Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, зарыл учурда расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон расмий мамилелерде Кыргыз Республикасы мамлекеттик тилди, керек учурда расмий тилди, ошондой эле чет мамлекеттин мамлекеттик тилин же эл аралык уюмдун иш тилин колдонот.

3. Эгерде түзүлүүчү эл аралык келишимде ушул тил көрсөтүлбөсө, Кыргыз Республикасынын эки тараптуу эл аралык келишимдери мамлекеттик тилде жана экинчи тараптын тилинде түзүлөт.


11-берене. Ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат, алар расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары мамлекеттик тилде кабыл алынат жана алар расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.

3. Мамлекеттик тилдеги документтер жана ченемдик-укуктук актылар түп нуска болуп эсептелет.

4. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган адамдардын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик-укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынат.

5. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчиктин баардык түрүндөгү жергиликтүү мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда иш кагаздарын жана документтерди жүгүртүү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, башка тилдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

6. Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери илимий-техникалык жана долбоордук документтерди, эсеп-отчёттук жана финансылык документтерди иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде ишке ашырат.

7. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчиктин баардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар чет өлкөлүк даректер менен кат алышуу учурунда мамлекеттик тилден башка тилди да колдоно алышат.

8. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзөт, иш кагаздарынын милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылат.



3-глава. Мамлекеттик тилди аталыштарда жана ысымдарда колдонуу


12-берене. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталышы

1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталыштары мамлекеттик тилде жана керек учурда расмий тилде таризделет.

2. Биргелешкен чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары транслитерация жолу менен мамлекеттик тилде жазылат.

3. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталыштары мөөрлөргө, штамптарга, штемпелдерге, расмий бланктарга жана көрнөктөргө мамлекеттик тилде жазылат жана расмий же башка тилдерде коштолуп берилет. Аталыштарды жазууда жана тариздөөдө мамлекеттик тилдеги текст сол жагына же жогору жагына жазылат. Башка тилдеги жазылган тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдегиден чоң болбошу керек. 


13-берене. Мамлекеттик тилди административдик-аймактык бирдиктердин, географиялык жана топонимдик объектилердин аталыштарында колдонуу

1. Административдик-аймактык бирдиктердин, географиялык аталыштардын, жана башка топоним объектилеринин аталыштары мамлекеттик тилде таризделет.

2. Топонимдик объектилердин аталыштары башка тилдерге которулбайт, алар расмий документтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, картографиялык, маалымдамалык, энциклопедиялык, окуу жана башка басылмаларда мамлекеттик тилдеги тамганын тыбышы боюнча башка тилдеги тиешелүү алфавит тамгалары аркылуу берилет.

3. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жол белгилериндеги, көрнөктөрдөгү жана башка көрсөтмө белгилердеги административдик-аймактык бирдиктердин, географиялык жана топонимдик объектилердин аталыштары мамлекеттик тилде берилет жана ал аталыштын жанына латын тамгасында жазылган аталыш берилиши мүмкүн. Латын тамгалары менен берилген жазуунун өлчөмү мамлекеттик тилдегиден кичине болуп, анын оң же төмөн жагына жайгаштырылат.


14-берене. Мамлекеттик тилди ысымдарда колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилиялары, ысымдары жана атасынын аты кыргыз адабий тилинин орфографиялык нормаларын сактоо менен, жарандардын эркине жана улуттук салттарына ылайык мамлекеттик тилде жазылат.

2. Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерге фамилияны, ысымды жана атасынын атын жазуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен аныкталат.


15-берене. Товардык белгилердин жана соода маркаларынын тили

1. Товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматтар (этикеткалардын тексттери, маркалоо, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарылчылыкка жараша башка чет тилинде да берилет.

2. Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалыматтар (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоо, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик тилге которулат.Эгерде расмий тилде маалымат жок болсо, расмий тилге да которулат.

3. Товардык маркаларга (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгилер) кандай укуктук коргоо берилсе, ошол түрдө колдонулат.


4-глава. Нотариат органдарынын ишинде, мамлекеттик үлгүдөгү документтерди тариздөөдө мамлекеттик тилди колдонуу


16-берене. Нотариат ишинде мамлекеттик тилди колдонуу

1. Нотариаттык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

2. Эгерде нотариаттык иш боюнча кайрылган адам нотариалдык иш кагаздары жүргүзүлгөн тилди билбесе, анда таризделүүчү документтердин тексттерин ага котормочу которуп берүүгө тийиш.


17-берене. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерди тариздөөдө мамлекеттик тилди колдонуу

Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерди, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын, билими жана (же) квалификациясы жөнүндө документтерди, аскердик билеттерди, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик үлгүдөгү бланктарды тариздөө кыргыз адабий тилинин жазуу эрежелеринин ченемдерин сактоо менен, мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, керек учурларда расмий тилде да коштолот.


5-глава. Билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу


18-берене. Билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилде мектепке чейинки тарбия жана билим берүү мекемелеринин (бала бакчалар) иштеши камсыз кылынышы керек.

2. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында мамлекеттик тил мектепке чейинки тарбия, билим берүү мекемелеринде, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларында, кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуу жана тарбиялоо тили болуп саналат.

3. Окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелерде, жалпы орто билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окутуунун баардык мезгилине кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат. Окутуу орус жана башка тилдерде жүргүзүлгөн кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жүргүзүлөт.

4. Жалпы билим берүү мекемелеринде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда) милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрүндөгү класстан класска көчүрүү, бүтүрүү, ал эми кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында  кирүү жана бүтүрүү экзамендери кыргыз тилинде жүргүзүлөт.




19-берене. Илим чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында илимий эмгектердин тилин тандап алуу эркиндиги берилет; илимдин баардык тармактары боюнча мамлекеттик тилде изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды жарыялоо жана илимий жетишкендиктерди ар тараптан колдоо үчүн кеңири шарттар түзүлөт жана мындай иштерди мамлекет колдоого алат.

2. Окумуштуулук даража алуу үчүн илимий эмгекти коргоо мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.


6-глава. Маданият чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу


20-берене. Маданият жана искусство чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасындагы маданий, көңүл ачуу жана оюн-зоок иш-чаралардын негизги тили − мамлекеттик тил.

Мындай иш-чараларда башка тилдер зарылдыкка жараша жана Кыргыз Республикасында жашаган этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо үчүн колдонулат.

Маданий, көркөм жана оюн-зоок иш-чаралардын жарыялары, афишалары, башка маалымат материалдары жана кирүү билеттери мамлекеттик тилде жасалат. Кулактандырууларда, афишаларда, башка маалыматтык материалдарда мамлекеттик тил менен катар башка тилдерди да колдонууга жол берилет, андай учурда башка тилдеги текст мамлекеттик тилдеги тексттен көлөмү жана тамгасы боюнча чоң болбошу керек. Аткаруучулардын жеке ысымдарын, топтун жана чыгармалардын аталыштарын, мыйзам тарабынан корголуучу соода маркаларын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилери) жазууда тамганын чоңдугунун талаптары милдеттүү эмес.

2. Музейлердин жана сүрөт көргөзмөлөрүнүн тили − мамлекеттик тил. Менчигинин түрүнө карабастан баардык музейлерде музей буюмдарын эсепке алуу мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

Музейлерде жана сүрөт көргөзмөлөрүндө коюлган музей буюмдары жөнүндө маалымат мамлекеттик тилде жана башка тилдерде да коштолуп берилиши мүмкүн. 

3. Кыргыз Республикасынын кинематография субъектилери кинотасмаларды мамлекеттик тилде тартат жана көрсөтөт, зарыл болгон учурларда алар мамлекеттик тилде коштоо же үн аркылуу берүү шарты менен башка тилдерде көрсөтүлүшү мүмкүн. Чет элдик киноматография субъектилери тарткан жана кызыкчылык туудурган кинотасмалар Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлүшү үчүн мамлекеттик тилде үн же субтитр аркылуу коштолушу мүмкүн.

4. Туристтик жана экскурсиялык тейлөө кызматтарынын тили −мамлекеттик тил. Чет элдиктер үчүн туристтик же экскурсиялык кызматтар башка тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Мамлекет маданият жана искусство чыгармаларын мамлекеттик тилде жаратууга жана жайылтууга көмөк көрсөтөт.


7-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилди колдонуу


21-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктурууда мамлекеттик тилди колдонуу

1. Телерадио уюмдары телерадиоберүүлөрдү мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде жүргүзөт.

2. Телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек жана берүү тартиби «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленет.

3. Эгерде телерадиопрограмманын жана/же телерадиоберүүнүн түп нуска (же коштолгон) тили мамлекеттик тил болбосо, мындай телерадиопрограммалар жана телерадиоберүүлөр мамлекеттик тилде коштоо шарты менен көрсөтүлөт.


22-берене. Басма сөз маалымат каражаттарында мамлекеттик тилди колдонуу

Кыргыз Республикасында басма сөз маалымат каражаттары мамлекеттик тилде, расмий тилде жана башка тилдерде да чыгат.


23-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин камсыздалышы

1. Мамлекеттик тилде иштеген баардык жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, басмаканалар, басма сөз органдары) кыргыз адабий тилинин ченемдерин так сактоого милдеттүү.

2. Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар берүүлөрүнүн 60 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде обого чыгарышат.


8-глава. Китеп басып чыгаруу, колдонуучу интерфейстер чөйрөсүндө жана коомдук иш-чараларда мамлекеттик тилди колдонуу


24-берене. Китеп басып чыгаруу жана жайылтууда мамлекеттик тилди колдонуу

Мамлекет кыргыз адабий чыгармаларын басып чыгарууга жана жайылтууга, чет тилдеги адабиятты мамлекеттик тилге которууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөт.


25-берене. Компьютердик программалардын жана веб-сайттардын колдонуучу интерфейстеринде мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында ишке киргизилген колдонуучу интерфейси бар компьютердик программада мамлекеттик тилдеги интерфейс болушу керек.

2. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана менчиктин баардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде колдонуучу интерфейси бар компьютердик программалар пайдаланылат.

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана менчиктин баардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн компьютердик программаларды сатып алууда колдонуучу интерфейс мамлекеттик тилде болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

4. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана менчиктин баардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган жана Кыргыз Республикасында товарларды сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү чарба субъектилеринин интернет-ресурстары (анын ичинде веб-сайттар, социалдык тармактардагы веб-баракчалар) мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Интернет-ресурстун мамлекеттик тилдеги версиясы менен катар башка тилдердеги версиялары да болушу мүмкүн. Интернет-ресурстагы мамлекеттик тилдеги версияда берилген маалыматтын көлөмү жана мазмуну башка тилдеги версиясынан кем болбошу керек. 

5. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган жана Кыргыз Республикасында товарларды сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү чарбалык субъектилердин мобилдик тиркемелеринде колдонуучу интерфейстин мамлекеттик тилдеги версиясы болууга тийиш. 

6. Ушул берененин талаптары программалоо тилдерине жайылтылбайт. 


26-берене. Коомдук иш-чараларда мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында коомдук иш-чаралар (съезддер, сессиялар, конференциялар, чогулуштар, көргөзмөлөр, семинарлар, тренингдер, талкуулар, форумдар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле мамлекет же аймактык коомдоштук ээлери (уюштуруучулары, катышуучулары, акционерлери) болуп саналган чарба субъектилер толугу менен же жарым-жартылай уюштурган башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде, керек учурларда расмий тилде жүргүзүлөт.

Бул жобо чет өлкөлүк жарандар жана/же жарандыгы жок адамдар үчүн атайын уюштурулган иш-чараларга колдонулбайт.

2. Коомдук иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилден башка тил колдонулган учурда, анын уюштуруучусу мамлекеттик тилге синхрондук же ырааттуу котормосун камсыз кылууга милдеттүү.



9-глава. Жарнама, транспорт чөйрөсүндө жана кардарларды тейлөөдө мамлекеттик тилди колдонуу


27-берене. Жарнама чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик тилде жана зарылчылыгына жараша расмий тилде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган этностордун тилдеринде кошумчаланып таркатылат.

2. Шаарларда, айыл аймактарында жана башка аймактарда плакаттар, такталар, жарык табло жана башка техникалык каражаттар түрүндө жайгаштырылган тышкы жарнама алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, ошондой эле зарыл учурда башка да тилдерде таризделет.

Башка тилдеги тексттин тамгасынын өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин тамгасынын өлчөмүнөн чоң болбошу керек жана анын оң же төмөн жагында жайгаштырылууга тийиш.

3. Басма сөз маалымат каражаттарындагы жарнама басылма чыккан тилде, ошондой эле жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча башка тилдерде да берилет.

4. Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык топтомдогу муундук литерлер (логотиптер) түп нуска тилинде берилиши мүмкүн. 

5. Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык, орфографиялык жана грамматикалык эрежелер) так сакталууга тийиш. Ката жазылган учурларда эскертүү берилүү менен айып пул салынат.

Жарнаманын текстинин тууралыгы мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана анын аймактардагы өкүлдөрү тарабынан текшерилет. 


28-берене. Транспорт чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында транспорт жаатындагы кызмат көрсөтүү мамлекеттик тилде жана зарыл учурларда расмий тилде коштолот.

2. Жүргүнчү транспортторунун баардык түрлөрүндө, темир жол бекеттеринде, автобекеттерде, аэропорттордо маалымат, кулактандыруулар, билдирүүлөр, жазуулар, маалыматтык билдирмелер мамлекеттик тилде, зарыл учурларда расмий тилде жана башка тилдерде коштолот.

3. Эл аралык каттамдарда башка тилди колдонуу учурларын кошпогондо, транспорттун баардык түрүнүн диспетчердик кызматтары жана байланыштары жана транспортто жүргүнчүлөрдү тейлөө мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде коштолот.


29-берене. Кардарларды тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Менчиктин баардык түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ишкер жеке адамдар – кардарларды тейлеген башка чарба субъектилери мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүшөт жана маалымат беришет. Мамлекеттик тил менен катар маалыматтар башка тилдер аркылуу да коштолушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында товарлар (кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө, анын ичинде интернет дүкөндөр жана интернет каталогдор аркылуу маалыматтар мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде берилет. Мындай маалыматтар башка тилдердин биринде да коштолушу мүмкүн.


10-глава. Башка коомдук чөйрөлөрдө мамлекеттик тилдин колдонулушу


30-берене. Телекоммуникация жана почта байланышында мамлекеттик тилди колдонуу

Кыргыз Республикасынын аймагында почта жана телеграф кат алышуулары мамлекеттик тилде, ал эми зарылчылыкка жараша расмий тилде таризделет. Республиканын чегинен тышкары жөнөтүлгөн кат-кабарлардын дареги расмий тилде же тиешелүү чет тилдерде көрсөтүлөт.


31-берене. Спорт чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу

1. Кыргыз Республикасында спорттук иш-чаралар, анын ичинде эл аралык спорттук иш-чаралар мамлекеттик тилде, ал эми зарылдыгына жараша расмий тилде өткөрүлөт.

Спорттун белгилүү бир түрлөрүндө колдонулган чет тилдеги атайын терминдерди котормосуз колдонууга болот.

2. Спорт иш-чарасынын жүрүшүндөгү маалыматтык жана башка кулактандыруулар мамлекеттик жана расмий тилдерде жасалат. Эл аралык иш-чаралар учурунда мындай жарыялар башка тилдерде да коштолушу мүмкүн.

3. Спорт мелдештерин көрүү үчүн кирүү белеттери, спорт мелдештери жөнүндө башка маалыматтык продукциялар мамлекеттик тилде даярдалып таризделет. Эл аралык спорт мелдештерин көрүү үчүн кирүү белеттериндеги жазуулар, эл аралык спорт мелдештери жөнүндө башка маалыматтык продукциялар башка тилде да коштолушу мүмкүн.


32-берене. Жалпыга кабарлоо үчүн маалыматтарда мамлекеттик тилди колдонуу

1. Жалпыга кабарлоо үчүн маалыматтар кулактандыруулар, прейскуранттар, көрсөтмөлөр, көрнөктөр, билдирүүлөр, жазуулар жана белгилүү бир субъектилердин, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иштери, тейлөө кызматтары, товарлар жөнүндө адамдардын кеңири чөйрөсүнө маалымдоо үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон ачык жарыяланган тексттик жана көрүнөө маалыматтар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде таризделет.

2. Жалпыга кабарлоо үчүн маалыматтар башка тилдерде коштолушу мүмкүн.

Башка тилдеги тексттин тамгаларынын өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин тамгаларынын өлчөмүнөн чоң болбошу жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылышы керек.


11-глава. Мамлекеттик тилди билүү милдети


33-берене. Мамлекеттик тилди билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонууга милдеттүү адамдар

1. Мамлекеттик тилди билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонууга милдеттүүлөр:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдарда кызмат кылгандар;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери;

4) ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана башкармалык (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, атайын чиндер ыйгарылуучу башка органдардын кызмат адамдары;

5) ички иштер органдарынын жана атайын чиндер ыйгарылуучу башка укук коргоо органдарынын катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагылар;

6) прокурорлор;

7) адвокаттар;

8) соттор;

9) нотариустар;

10) менчиктин баардык түрүндөгү билим берүү мекемелеринин жетекчилери;

11) билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкер же чет тил мугалимдери катары чакырылган жана убактылуу иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;

12) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери;

13) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган адамдардан тышкары, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-12-пунктчаларында айтылбаган мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган адамдар кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын башка жарандарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн же Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ушундай эле талаптар коюлушу мүмкүн.


34-берене. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлине карата коюлуучу талаптар

1. Ушул конституциялык мыйзамдын 32-беренесинде аныкталган адамдардын тийиштүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен белгиленет.

2. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган берүүчү мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификат менен күбөлөндүрүлөт.


12-глава. Мамлекеттик тилди коргоо жана сактоо


35-берене. Мамлекеттик тилди коргоону камсыздоо

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин сактоо, коргоо жана өнүктүрүүнү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыз кылат.

Мамлекеттик органдар мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүшөт.

2. Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун принциптерине ылайык республиканын чегинен тышкары жерлерде жашаган кыргыздардын эне тилинин сакталышына, өнүгүшүнө жана окулушуна камкордук кылат.


36-берене. Кыргыз Республикасынын тил жаатындагы мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, менчиктин баардык түрүндөгү уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ушул конституциялык мыйзамды жана башка тил жаатын жөнгө салган мыйзам актыларын бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчилик тартышат (административдик жана каржылык айып салынат).


37-берене. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитет жана анын аткарылышын камсыздайт.

2. Программа тиешелүү мезгил аралыгында мамлекеттик тилди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын стратегиялык максаттарын жана артыкчылыктуу милдеттерин, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн пландалган чараларды аныктайт.

3. Программа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүсүндөгү муктаждыктарды канааттандыруу, мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары жайылтуу үчүн мыйзам менен белгиленген зарыл кепилдиктерди жана жеңилдиктерди эске алуу менен иштелип чыгууга жана ишке ашырылууга тийиш.


13-глава. Корутунду жоболор


38-берене. Ушул конституциялык мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул конституциялык мыйзамга ылайык келтирсин.


39-берене. Мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакцияларынын күчүн жоготуусу

2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307,
 2010-жылдын 19-январындагы № 8,2011-жылдын 6-октябрындагы № 165, 2013-жылдын 25-февралындагы  № 33, 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциялары күчүн жоготту деп табылсын.






Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                С.Жапаров



Архив