"Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда" аттуу фестиваль болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби менен бирге “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет ѳлкѳлүк студенттер арасында “Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда» аттуу фестиваль уюштурду. Фестиваль 2021-жылдын 14-декабрында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Алгачкы ирет өтүп жаткан эл аралык фестивалды Улуттук комиссиянын төрагасы Мусаев Сыртбай Жолдошович ачып берип, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аманова Салтанат Абдылдаевна,  Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмѳтбековна куттуктоо сѳздѳрүн сүйлѳштү.  Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, улуттук маданиятты таанытуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурулган фестивалга тандалган 8 окуу жайдан студенттер катышты.  Жыйынтыгында мамлекеттик тилде сүйлѳп, кыргыз элинин улуттук ыр-бийин мыкты деңгээлге алып чыгуу менен тѳмѳндѳгүдѳй жыйынтык чыгарылды:
Баш байге – Эл аралык жогорку медициналык мектеби (75 упай);
1-орун – Ош мамлекеттик университети (74 упай);
2-орун – И.Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиясы (67 упай);
2-орун – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети (67 упай);
3-орун – Кыргызстан Эл аралык университети (65 упай);
3-орун – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети(58 упай);
3-орун – «Салымбеков Университети» мекемеси(57 упай);
«Эл сүймѳнчүгү» номинациясы – Эл аралык Ала-Тоо университети (55 упай).
Жеңүүчүлѳр Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Эл аралык жогорку медициналык мектебинин грамота, диплом, ыраазычылык каттары, баалуу белектери жана «Жетиген» журналынын грамота, тѳш белгилери менен сыйланышты. 
 «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда»  фестивалынын “Ѳтмѳ кубогу” Ош мамлекеттик университетине берилди. Жобого ылайык “Ѳтмѳ кубокту” алган ЖОЖ кийинки жылы фестиваль ѳткѳрөт.
Архив