“Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аттуу макалалар сынагы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болду

Бүгүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илимий китепканасында жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тил мыйзамынын 32 жылдыгына карата 2021-жылдын 3-августунда бекитилген Жобого ылайык “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы макалалар сынагын жарыялаган. 

Сынакка 2021-жылдын 2-августунан баштап 2021-жылдын 20-сентябрына чейин жалпы 60 макала келип түштү, ага бардык региондордон мектеп окуучулары, студенттер, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары, журналисттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жигердүү катышты. Келип түшкөн макалалардын ар бирине купуя түрдө номер коюлуп, калыстар тобуна тапшырылды. 

Макалалар актуалдуулугу жана жаңычылдыгы, сабаты (орфографиясы), оригиналдуулугу, талдоо чеберчилиги (анализ) боюнча 3 критерийдин негизинде, ар бир критерийге 10 баллдык система менен аныкталды. 

Сынактын жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган алдынкы 9 жеңүүчү байгелүү орундарга жетишти. Булардын ичинен 5 катышуучу эң жогорку 30 балл алса, калган 4 катышуучу 29 балл менен жигердүү катышкандыгы үчүн сыйлыкка татыды. 

Макалаларды талдоо үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаевдин буйругуна ылайык калыстар тобу түзүлгөн: Улуттук комиссиянын тил саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Ишеналиева Аида (калыстар тобунун төрайымы), Жакыбалиев Кутмырза (калыстар тобунун катчысы), Орозов Асылбек (калыстар тобунун мүчөсү), Токтошов Капар (“Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору), Маразыков Турусбек (ф.и.д., профессор),  Султаналиев Ишенбек (ф.и.к., Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору),   Садыкова Сымбат (филология илимдеринин доктору), Ажыканова Элмира (Кыргыз радиосунун журналисти).


Жогорку баага татыгандыгы үчүн Диплом менен сыйлангандар:

 

  1. Акылбекова Алтынай – Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу  “Канткенде кыргыз тилин өнүктүрө алабыз?” 
  2. Наралиева Сапаргүл – Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы “Медициналык окуу жайлардагы улуттук идеология” 
  3. Исаков Бектур – Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Эл аралык   коомдук Айтматов академиясынын   академиги “Манас” эпосунда  түптөлгөн кыргыз элинин улуттук мамлекеттик  идеологиясы
  4. Сулайманкулова Кенжегүл – Ош шаарындагы №41 Х.Абдуллаева атындагы орто метебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими “Мамлекеттик тилдин укуктук статусу жана тарыхый орду” 
  5. Ташмаматова Айжан – Ош шаарындагы №1 А.П.Федченко орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз”


Жигердүү катышкандыгы үчүн Диплом менен сыйлангандар:

  1. Кадыров Ысмайыл – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер “Термин жасоого терең маани берели”
  2. Сагынбек кызы Жанар – Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы №38
     мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугаллими “
    Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил”
  3. Асилбек кызы Мадина – Ош шаарынын №33 С.Алымкулов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; ОшМУнун магистранты “Улуттук намыс болбосо, улуттук тил кайдан болсун!?”
  4. Асанакунова Назгүл – И.Арабаев атындыгы КМУнун аспиранты “Касым Тыныстанов жана Кыргыз терминологиясы”.


Архив