КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2021-жылды жыйынтыктоо иш-чарасы өттү

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жыл жыйынтоочу иш-чарасын өткөрдү. Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасынын жыйындар жайында болуп, ага ар тармакта мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошкон мекеме-уюмдар, инсандар чакырылган. 

Иш-чаранын башында 2021-жыл ичинде аткарылган көрүнүктүү иштер боюнча кыскача маалымат берилип, соңунда К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата жарыяланган 5 айлыкта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн макалалар сынагында жакшы баага татыгандарга сыйлыктары тапшырылды (кийинки жаңылыктарда кенен маалымат берилет). 

Мындан сырткары 2021-жылы Улуттук комиссия менен тыгыз кызматташкан мекемелерге жана инсандарга Ыраазычылык барагы ыйгарылды.

1. Жаныбеков Азат – К.Тыныстанов коомдук уюмунун жетекчиси;

2. Окенов Мирбек – Улут Софт компаниясынын жетекчиси;

3. «Германиянын табиятты коргоо союзунун» Кыргыз Республикасындагы филиалы (НАБУ);

4. Арабаев атындагы КМУ;

5. И.Раззаков атындагы КМТУнун мамлекеттик тил бөлүмү;

6. Андарбеков Өмүрбек – “Улут” платформасынын негиздөөчүсү;

7. Орозакунов Айбек – Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы;

8. Эл аралык жогорку медициналык мектеби;

9. Нурдинов Тилек – “Тилимпоз” социалдык баракчаларынын негиздөөчүсү. 

10. Султаналиев Ишенбек – Ж.Баласагын атындагы КУУнун  профессору, ф.и.к.;

11. Ажыканова Элмира – Кыргыз радиосунун журналисти;

12. Жапанов Аттокур – Кыргыз-Россия Славян университетинин окутуучусу,  ф.и.к.;

13. Садыкова Сымбат – И.Раззаков атындагы КМУнун кафедра башчысы, ф.и.д.;

14. Жапаралиева Назира – Кыргыз экономикалык университетинин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к.

Архив