“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча кереге кеңеш өттү

Бүгүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия "Орион" бизнес борборунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча кереге кеңеш өткөрдү. Бул иш-чарага Президенттик Администрациядан, мекеме-уюмдардан (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер), жогорку окуу жайлардан, кеңешме органдын мүчөлөрүнөн, коомдук уюмдардан, жарандык активисттерден, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн, коомдук жана мамлекеттик ишмерлерден, ЖМК өкүлдөрүнөн ж.б. жүздөн ашуун киши катышты. 

Кереге кеңешти КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Тажиматов Санжарбек Камбарович ачып, аталган мыйзамдын долбоорун тааныштырып, кенен маалымат берди.

Иш-чарада эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн да онлайн форматта катышып, ойлорун ортого салды: Рогов Алексей – элчи, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин башчысы; Жольм Кристин – ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү; Нурумов Дмитрий – ю.и.к., тил саясаты маселелери боюнча эл аралык эксперт; Элжбета Кузборска-Паха – ЕККУ УАЖКнын юридикалык маселелер боюнча ага кеңешчиси; Атанасия Стоянова – ЕККУ УАЖКнын көп тилдүү билим берүү боюнча эксперти; Фернанд Де Вареннес – БУУнун азчылыктар маселеси боюнча атайын баяндамачысы ж.б. атайын баяндама жасашты. 

Кереге кеңештин жүрүшүндө кызуу талкуу болуп, суроо-жооптор менен бирге алгылыктуу ойлор жана сунуштар айтылды.

Архив