Мамлекеттик тилибиздин маанайы кандай?

Кытай мамлекетинин тарыхый булактарында үч миң жылдан бери сакталып келе жаткан байыркы кыргыз элинин эне тили мындан туура 32 жыл мурун өз жерибизде өгөйлөнүп бара жатканына чек коюлуп, кайра куруу шарданы менен эне тилибизге мамлекеттик тил даражасын берүү кыймылы зор коомдук күчкө өсүп, натыйжада кыргыз тилинин укугун мыйзам менен бекитүүгө жетиштик.  Бирок Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы менен эле кыргыз тили мамлекеттик деңгээлге көтөрүлө калган жокБуга түрдүү даражадагы себептер таасир этиши мүмкүн. Бирок алардын башкы себептеринин бири мамлекетибиздин экономикалык жактан жакырланышында. Мисалы, окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин, анын кырктан ашыгы дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөрүн белгилешкен. Алардын ичинде кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн тилдери дүйнөдө эң көп колдонулган тилдер. Мындай мамлекеттер бүгүнкү күндө өз тилинен башка тилдерди үйрөнүүгө муктаж да эмес. Ал эми экономикасы жарды мамлекеттердин эли кандайдыр бир социалдык кысымдарга кабылышынын натыйжасында социалдык-экономикалык жактан өсүү же байлык топтоо максатында башка тилди үйрөнүү, аны колдонуу жолун тандайт. Мындай учурда азчылыктын тили көбүнчө ишкердик жагдайда көп колдонулган тилдерди үйрөнүүдө унутула баштайт. Натыйжада үстөмдүк кылган элдердин тили азчылыктын тилин колдонуудан сүрүп таштайт. Бул көрүнүш, айрыкча, Орусиянын Сибирь аймагында көп кездешип жаткандыгын изилдөөчүлөр байма-бай эскертип келишүүдө. Ушундай коркунучтуу абал бизди да курчап тургансыйт. Бүгүнкү күндө миллиондогон жарандарыбыз көр оокаттын айынан мекенин таштап чет өлкөлөргө чыгып кетип жатышат. Өлкөдөн четтеп кеткен жарандарыбыздын өздөрү мекенибизге кайтып келсе да, алардын ошол жакта төрөлгөн балдарынын кайтып келерине эч ким кепилдик бере албайт. Ушундан улам тилдин жок болуп кетүү коркунучунун экинчи себеби өзүнөн өзү пайда болот. Тактап айтканда, ошол тилди алып жүрүүчүлөрдүн санынын азайышы буга негиз болот. Мисалы, Сибирдин Суломай кыштагында «Кет» тилин 200гө жакын адам гана сүйлөсө, Ооганстанда «Тирахи» тилин жүз чакты гана адам сүйлөйт. Ал эми Арменияда «Ловмарен» тилин 50дөн ашык адам сүйлөөрү интернет булактарында белгиленген. Мындай тилдер ошол тилди алып жүрүүчүлөрдүн акыркылары дүйнө салып кетишине байланыштуу жок болуу коркунучун шарттайт. Ушундан улам белгилүү тилчи-окумуштуу, академик С. Ж. Мусаев: «Тил сүйлөгөндө гана тил болот. Сүйлөбөсө жазмасы канча болсо да, өлүү тилге айланат», – деген таасын оюн билдирген. Себеби жазмасы бар, бирок сүйлөбөгөн канчалаган тил өлүү тил болуп жоголуп кетти. Маселен, дүйнөдөгү атактуу лингвист, Америкадагы жандуу тилдер институтунун директору Дэвид Хариссонддун айтуусу боюнча («Независимая газета» №16, 2007-ж) жети миңге чукул тилдин ичинен 83 тил гана эң кеңири таралган. Ал тилдерде адамзаттын 80 пайызы сүйлөшөт. Ал эми 3500 тилде болсо, дүйнөдөгү калктын 0,2 пайызы гана өз ара пикир алышат. Анын айтымында эки жумада бирден тил жоголот, натыйжада 382 тил таптакыр жок болуп кетүү коркунучунда турат. 

Ал эми СССРдин аймагында 1929-жылкы эл каттоодо 194 тил бар экендиги белгиленсе, 1979-жылдагы эл каттоодо б.а. 50 жылдын ичинде алардын ичинен 93 тил жоголуп кеткендиги айтылган. 

Демек, мындай көрүнүш тил кызыл китепке кирген жаныбарлардан да алда канча ылдамдык менен жер үстүнөн жок болууда деген түшүнүккө алып келет. Ооба, сан жагынан алганда алты миллиондон ашык калкы бар Кыргыздардын тили жок болуп кетүү коркунучуна дал келбейт. Бирок акыркы маалыматтарга караганда 193 мамлекеттин ичинен кыргызстандын миграцияда тентип жүрөн аялдарынын эле саны 56 пайызды түзөрү маалымат булактарда белгиленип жүрөт. Бул өтө катастрофалык көрүнүш. 

Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан себептердин дагы бири, мамлекетибизде билим берүү системасынын кыйрашы. Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары жарыяланган учурдан тарта, тилекке каршы, коомдо башаламандык күчөп, мунун кесепети билим берүү системасына, ал аркылуу тилге да таасирин тийгизүүдө. Ар ким өз билгенин жазап, сабатсыз теле каналдар, жарнамалар, гезиттер, китептер көбөйүп, кыргыз тил илиминдеги лексикалык каражат-бирдиктердин колдонулушу бүгүнкү күндө өтө чаржайыт абалга келип такалды. Бул бүтүндөй элдин сабатсыздыгына өз таасирин тийгизип жатат. Бүгүнкү күндө аларды өз ордуна, өз деңгээлине жеткире албай түйшөлүүдөбүз. Ал аз келгенсип, башка мамлекеттердин билим берүү системасын өлкөбүзгө киргизип алдык. Ал эми өнүккөн, өзүн сыйлаган мамлекеттер өзүнүн билимин сыртка экспорт кылып, башка билим берүү системасын мамлекетине киргизбейт. Биз мамлекетибизге Америка, Туркия, Кытай, Араб, Жапон, Корей тилдерин окутуу системаларын киргизүү менен жаштарыбызды чет өлкөгө экспорттоп жаткандайбыз. Ооба, көп тил билген бул руханий байлык. Бирок ар бир мамлекеттин билим берүү системасы билим берүү менен өзүнүн идеологиясын кошо жүргүзүп жатат. Биз билим берүүдө өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү табууга милдеттүүбүз. Улуттук намыс аркылуу өлкөнүн кайра жаралышына салым кошууга болот. Улуттун эрки – тилинде жана рухунда. Тилди сактап калууда жана аны өнүктүрүүдө улуттук аң-сезим жана улуттук рух дагы башкы себептердин бири. Мисалы, 300 жылдай Еврей мамлекети болгон эмес, бирок иврит тили аркылуу еврейлер жоголуп кеткен мамлекетин кайра ордуна тургузду. Тил – мамлекеттин негизи деген ушул. Ал үчүн тил эркин өнүгүүсү зарыл. Ага эч кандай саясий, укуктук бөгөт болбош керек. Мисалы Латвия, Эстонияда иш кагаздары өз тилдеринде гана жүргүзүлөт. Эстонияда 100 пайыз мектептер эстон тилинде, ал эми мамлекеттик атуулдугун алыш үчүн эстон тилин билүү негизги шарт. Казакстанга киргизилип жаткан күндөлүк керектелүүчү товарлардын аныктамасы милдеттүү түрдө казак тилинде жазылат. Ошондой эле Казакстанда бөлөк улуттагылар мамлекеттик кызматта иштеп, казак тилин мыкты өздөштүрсө, айлыгына кошумча айлык-акы төлөнөт. Бул жагынан алганда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына 30 жылдан ашуун убакыт өтсө да, кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине көтөрүлө албады. Буга 30 жылдын аралыгында мамлекеттик тилге мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде мамиленин болбогондугу себеп болду. Маселен, Кыргызстанда диний кызыкчылыктарды коргогон 1500 коомдук уюм болсо, кыргыз тилинин кызыкчылыгын коргогон бир гана «Эне тили» коому бар экени өкүндүрөт. Бул дагы мамлекеттик тилге анча таасирин тийгизе албай келет. Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы журтубуздун, өзгөчө жетекчи-аткаминерлердин жана мамлекет башчылардын күндөлүк жана түбөлүк камкордугу керек. Кыргыз тили «Мен Кыргыздын атуулумун» деген ар бир жаран өз жүрөгү менен сезгенде гана үзүрүн берет.

Кыргыз тили бай, анын тамыры тереңде. Кыргыз тили азыр бардык илимдердин тили болгонго да толук кудурети жетет. Болгону биз ушуну далилдеп, тастыктап беришибиз керек. Ошондо биздин тилибиз дагы да ачылат. Мындай ийгиликке жетишүү үчүн ар дайым интеллигентция, коомчулук кызыктар болуп, дайым бул маселенин орчундуу экенин элге байма-бай эскертип турушубуз абзел. 

Жыйынтыктап айтканда, «Кыргыз тили – энеңдин жүрөгүнүн согушу, энеңдин алаканынын табы, энеңдин бешик ыры, энеңдин эмчек сүтү аркылуу боюңа тарап, көкүрөк-көөдөнүңө уюган тил», – деп академик С. Ж. Мусаев айткандай, адамдын энеси – бирөө. Ошол сыяктуу элдин тили да – бирөө. Андыктан ар бир кыргыз энесин кандай баалап-барктаса, эненин сүтүн оозануу менен пайда болгон эне тилди да көздүн карегиндей сактоо керек. Тилдин тазалыгын сактап, тилибизди өнүктүрүү өзүбүздүн гана улуттук парзыбыз экенин унутпайлы!   

                                                                                                     А.У.Акынбекова 

                                                                                                    Филология илимдеринин                                                                                                                                                                      кандидаты, доцент 




Архив