«Статистика атоолорунун орусча-кыргызча сөздүгү» жарык көрүп, Улуттук статистика комитетинде бет ачары болду

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, академик Сыртбай Мусаевдин жана Терминология борборунун башкы адиси Айман Акынбекованын катышуусунда «Статистика атоолорунун орусча-кыргызча сөздүгүнүн» бет ачары болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов ачты. Ал өз сөзүндө «Статистика системасында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү» статистикалык органдардын тарыхындагы алгачкы эмгектердин бири экенин, ал статистика системасында гана эмес бардык статистика колдонуучуларынын пайдалануусуна багытталганын баса белгиледи. «Статистика органдарынын ишинин маанилүү бөлүгүн тил саясаты түзөт. Улутстатком мамлекеттик тил маселесине өзгөчө маани берет, ага статистика системасындагы терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бүгүнкү бет ачар аземи далил», – деп кошумчалады Бакытбек Шокенов.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев кыргыз тили биздин улуу мурасыбыз, элибизди улут катары аныктаган курал экенин айтты. Кыргыз тилин бардык чөйрөдө өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматтарда кеңири колдонулушун камсыздоо, ага сый-урмат менен мамиле жасап, баалап-барктоо  – негизги максаттардын бири  экендигин баса белгиледи.

Архив