Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилдин абалы кандай?..

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылдыны 23-сентябрында “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамды кабыл алган. Тарыхый өнүгүүнүн логикасына ылайык, мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы кийинчерээк эгемен, көз карандысыз, эркин Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө саясий, идеологиялык шарт болгону талашсыз.


Мыйзам кабыл алынгандан бери эчен суу акты, далай өзгөрүүлөр болду. Баары сыдыргыга салгандай, ойдогудай шыдыр кеткен жок. Ички жана тышкы тоскоолдуктар, объективдүү жана субъективдүү жагдайларга жараша мамлекеттик тилге карата мамиле, анын коомдогу орду аныкталып келди. Конституциядан тартып башка мыйзамдар, анын ичинде тил боюнча мыйзамдар, жарлыктар, токтомдор жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынды, жокко чыгарылды, толукталды, өзгөртүлдү. Бирок, тилекке каршы, 32 жылдан ашык мезгил өтсө да мамлекеттик тилдин конституциялык статусу али толук ишке ашпай, анын коомдогу ролу жана орду саясий дискуссиянын бутасына алынып, эң проблемалуу маселелердин бири катары күн тартибинен түшпөй келе жатат. 

Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууга жетишүү, кыргыз тилин мыкты билген, эл аралык тилдерди эркин өздөштүргөн кыргызстандыктардын жаңы муунун өстүрүү – учурдун уңгулуу милдеттеринин бири.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров 2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж. Мусаевди кабыл алуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, жалпы мамлекеттик органдарда, мекемелерде иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы менен таанышып, айрым иш кагаздарын текшерүү жана анын жыйынтыктарын коомчулукка билдирүү зарылдыгын баса белгилеген.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Президенттик Администрациядагы иш кагаздарынын сабаттуулугу жөнүндөгү маселе боюнча администрация кызматкерлери менен чоң форматта талкуу уюштурду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кээ бир комитеттеринин мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарынын айрымдарынын абалы менен таанышып, талдап чыкты.

Комиссиянын 2021-жылдын 12-июлундагы № 53 буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин иш кагаздарынын үлгүлөрүн талдоодо негизинен:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтому менен бекитилген “Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин” талаптарынын сакталышына;

-документтердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын” талаптарына ылайык таризделишине көңүл бурду

Талдоого алынган документтерден төмөнкүдөй типтүү каталар орун алган:

-кыргызча тексттердин орус тилинен, орус тилинин сүйлөмдүк курулушунан сөзмө-сөз которулгандыгын (калька котормолор), ошонун натыйжасында кыргызча тексттеги сүйлөмдөрдө жасалмалуулук, нормага шайкеш келбегендик, көп сөздүүлүк, грамматикалык формалардын туура эмес уланышы, стилистикалык жактан түшүнүүгө өтө оор, тантык сүйлөмдөрдүн түзүлүшү ж.б.у.с. олуттуу мүчүлүштүктөр;

-киринди сөздөрдөн, байламталардан кийин үтүрдүн негизсиз коюлушу;

-сандан кийин коюлса -ынчы мүчөсүн туюнта турган дефис (-) белгисинин коюлбай калышы же орунсуз коюлушу;

-кыскартылган сөздөрдүн бир эле текстте ар кандай берилиши жана аларга мүчө жалгоодогу каталар;

-жер-суу аттарынын туура эмес жазылышы;

-“ө”, “ү”, “ң” ариптеринин ордуна “о”, “у”, “н” ариптеринин колдонулушу ж.б.

Ошондой эле туура эмес, ката жазылган сүйлөмдөр жана расмий тилде жазылган текст менен кыргызча котормосу дал келбеген учурлар арбын кездешет. Мисал катары, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 2021-жылдын 31-май, 1-июнундагы чечимине көз жүгүртөлү: “Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза “долбоору 105 чакырымдан 199-чакырымына чейин Талас шаарынан Казакстан менен чектешкенге чейин өткөн бөлүгүн курулушун камтыйт. Долбоор участоктун жалпы узундугу 94 км. Жолдун 105-чакырымынан 199-чакырымына чейинки бөлүгү III техникалык категориясынын параметрлерине ылайык жана төмөнкү геометриялык параметрлер менен эл аралык маанидеги жолдун иштелип чыккан”. Мындай сандырак сүйлөмдү окуп, бир нерсени түшүнүү кыйын. Сүйлөмдү жазган адис жөн эле сөздөрдү кураштырып, анын маанисине көңүл бурган эмес. Кыязы, кептин төркүнү эмне жөнүндө экенине өзү да толук түшүнгөн эмес. Болбосо сүйлөмдүн баяндоочун бөлүгүн курулушун камтыйт же жолдун иштелип чыккан деп тантыбайт эле, параметрлер же чейин деп эле улам кайталай бермек эмес.

Сөздүн төркүнүн түшүнгөн адис, биздин оюбузча, бул сүйлөмдөрдү жөнөкөй эле жай сүйлөмдөр менен мындайча жазмак же котормок: “Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза” долбоору Талас шаарынан Казакстандын чегине чейинки 105-чакырымдан 199-чакырымды ээлеген курулуш бөлүгүн камтыйт. Долбоордогу участоктун жалпы узундугу 94 км. Эл аралык маанидеги жолдун бул бөлүгү III техникалык категория менен географиялык параметрлерге ылайык иштелип чыккан.

Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган айрым котормо документтерге көз жүгүртүп, теңирден тескери кеткен тексттерге күбө болдук. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн мисалдарга кайрылалы. “Тиешелүү түрдө, мыйзамдын көрсөтүлгөн беренесине толуктоолор киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ЭКБны пайдалануу менен алынган жана Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөөнүн бүткүл көлөмүнүн 10 пайызынан кем эмес көлөмдө 1,3 коэффициент жайылтылуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну жыл сайын жүргүзүүгө тийиш болот”. Бул сүйлөмдү төмөнкүдөй түшүнүктүү которсок болмок.

“Тиешелүү түрдө мыйзамдын көрсөтүлгөн беренесине толуктоолор киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ЭКБны пайдалануу менен алынган электр энергиясын кепилденген сатып алууну жыл сайын жүргүзүүгө тийиш болот жана ага Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөөнүн бардык көлөмүнүн 10 пайызынан кем эмес көлөмдө 1,3 коэффициенти жайылтылат”.

Мындай туура эмес которулган тексттердин дагы бир нечесин мисалга келтирели. “Өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдүн болжол менен 30% камсыз кылып, экспорттун 50% дан ашыгын, ошондой эле ИДПнын 10% дан ашыгын түзүп, тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү тармагы болуп саналат”. Бул текстти окуп, бир нерсени түшүнүү кыйын. Айланайын, муну которгон киши орус тилин кичине түшүнгөн немеби, же?.. Муну жөп-жөнөкөй кыргыз тилинде минтип которсок сонун болмок: “Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү тармагы болуп саналат, ал мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн 30%га жакынын, экспорттун 50%дан ашыгын, ошондой эле ИДПнын 10%дан ашыгын камсыз кылат”.

Дагы бир котормого көз салалы. “Кодекс долбоорунун концепциясы Кодекс долбоору инсандын, юридикалык жактардын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатынын ишке ашырылышын эффективдүүлүгү, ыйгарым укуктуу органдарынын милдеттерин эффективдүү аткарууга тоскоолдук жараткан жагдайларды аныктоого багытталган” деп мааниси туура эмес, сандырак которулган. Жогорку бийлик бутагынын бири болгон Жогорку Кеңештин документтери ушундай даярдалып которулса, анда келер жерибизге келип, чимкиригибиз чын эле чыккан экен! Бул текстти минтип которсок кыргызча сүйлөп калбайт беле?.. “Кодекс долбоорунун концепциясы инсандын укугун, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо бөлүгүндө милдеттерди натыйжалуу аткарууну, ыйгарым укуктуу органдардын өз функцияларын натыйжалуу аткарууга тоскоолдук жараткан жагдайларды табууну жогорулатууга багытталган”.

Ал эми Жогрку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин чечиминдеги: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык...

Тобокелдиктердин орточо деңгээли – жылына 3 жолу (54 субъект)

Тобокелдиктердин төмөн деңгээли – жылына 5 жолу (46 субъект)” деген текстинде эң эле одоно, уят кылчу катага жол берилген. 

Ал эми аныгында бул текст мындайча которулмак: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык...

Тобокелдиктердин орточо даражасы – 3 жылда бир жолу (54 субъект)

Тобокелдиктердин төмөн даражасы – 5 жылда бир жолу (46 субъект)” деп жазылыш керек эле. Мында кеп ишкердиктин субъекттерин текшерүү жөнүндө жүрүп жатат. Орусча текстте тобокелдиктин даражасына жараша 3 жылда бир жолу жана 5 жылда бир жолу деп жазылып турса, кыргызчасында жылына 3 жолу жана жылына 5 жолу деп жазылган.

Биз жогоруда мындай одоно каталардын айрымдарын гана мисал келтирдик. Ал эми орфографиялык, пунктуациялык каталар жөнүндө айтпай эле коёлу. Жогорку бийлик органынын документтеринде мындай каталарга жол берүү – кечиримсиз иш. Анткени кайсы гана документ болбосун анын түп нускасы болуп кыргыз тилиндегиси эсептелет жана юридикалык жактан талаш жаралган учурда артыкчылыкка ээ болот. Ката жана түшүнүксүз жазылган документтердин тиешелүү деңгээлде аткарылышы да күмөндүүлүктү жаратат. Мындай каталар ошол документти аткарган кызматкердин сабатсыздыгын жана билиминин тайкылыгын айкын далилдеп турат. Ал документти окуп, ага кол койгон жетекчинин билим деңгээлин андан бетер айгинелеп, ишке болгон мамиленин мажирөөлүгүн көрсөтөт. 

Кыргыз тилинде жазылган документтердин мындай сабатсыз даярдалышынын башкы себеби Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери иш тажрыйбасына, билимине карап эмес, тааныш-билиш менен кызматка алынгандыгын билдирип турат. Жумушка кирип жатканда билим деңгээли эч кандай текшерилбестен, кыргызча сабаттуу жазуу жөндөмүнө көңүл бурулбастыгын далилдейт. Жогорудагыдай сабатсыз жазылган документтер, керек болсо, Айыл өкмөттөрүндө да кездешпейт. Жогорку Кеңеште иштеген кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли ушундай болуп жатса, башка мекемелердин кызматкерлеринен эмнени күтөбүз?.. 

Мындай кемчиликтерди четтетүү үчүн кызматкерлердин сабаттуулугун кылдат текшерүүдөн өткөрүп, андан кийин жумушка алуу зарыл. Ал үчүн кызмат орунга талапкер болуп жаткан адиске кыргыз тилинде бир канча документтердин үлгүсүн жазып көрсөтүү талабы коюлушу керек. Аны көз карандысыз эксперттер текшерип, алардын чыгарган корутундусуна ылайык талапкердин сабаттуулук деңгээли аныкталууга тийиш. Ошондон кийин гана талапкерди кызматка алуу же албоо маселесин кароо зарыл. Эгерде мындай чаралар көрүлбөсө кемчиликтер улана берери айныксыз чындык.  

Көрсөтүлгөн каталардан сырткары, дээрлик көп учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын” айрым төмөнкүдөй талаптарынын эске алынбагандыгы анык болду:

-мекеменин реквизиттеринин белгиленген талаада жайгаштырылбагандыгы;

-адресаттардын талаптагыдай таризделбегендиги (белгиленген талаа өлчөмүнүн сакталбагандыгы, сол жагынан теңдештирилбегендиги, кат кызмат адамына эмес, мекемеге даректелгенде барыш жөндөмөнүн мүчөсүнүн ашыкча колдонулгандыгы ж.б.)

Талдоонун жыйынтыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия төмөнкүлөрдү сунуш кылат

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Кыргыз Республикасындагы мекеме-уюмдардын башкаруу ишин документтештирүүнү жана документтер менен иш алып барууну уюштуруудагы бирдиктүү талаптарды жөнгө салуучу бирден-бир укуктук ченемдик документ болгондуктан, анын талаптарынын аткарылышын жолго коюуну;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Иш кагаздарын жүргүзүү” аталышындагы 4-главасынын “Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзөт” деген талабы белгиленген 17-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматкерлерине кыска мөөнөттүү окутуу курстарын уюштурууну;

-талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматкерлерине 2-3 сааттык семинар өткөрүүнү;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин котормо, термин маселелери боюнча тиешелүү бөлүмдөрүнүн ортосунда укуктук ченемдик актыларда, иш кагаздарында кездешүүчү терминдерди бирдейлештирүү (унификациялоо) боюнча лингвистикалык экспертиза иштерин уюштурууну ж.б.у.с. иштерди жолго коюу өтө зарыл.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия

Архив