Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги мамлекеттик тилдин абалы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын (мындан ары – Улуттук комиссия) 2021-жылдын 11-ноябрындагы № 91 буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу тобу 2021-жылдын 22-ноябрынан 26-ноябрына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып, мониторинг  жүргүздү.

Мамлекеттик тилде жигердүү иш алып барып жаткан факультеттердин  сап башында, албетте, кыргыз филологиясы факультети турат. Адистиктин өзгөчөлүгүнө байланыштуу номенклатура боюнча иш кагаздар деканатта, кафедраларда мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. 

Биология факультетинин жана анын кафедраларында дагы мамлекеттик тилдин абалы жакшы. Мисалы, ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын планы, протоколу, жумушчу программалары мамлекеттик тилде. Мамлекеттик тилде окуган группалардын саны – 10. Методикалык окуу куралдар, бүтүрүүчү квалификациялык иштер, отчеттор, стенддер мамлекеттик тилде жазылган. Химия жана химиялык технология факультетинин тарбиялык иштери боюнча планы, кафедраларынын жумушчу программалары, бүтүрүү иштери мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, кыргыз тилде жарык көргөн окуу куралдары, монографиялары бар. Физика жана электроника факультетинин жана анын кафедраларынын иш кагаздарынын 70% мамлекеттик тилде  ишке ашып,  окуу куралдар, илимий макалалар кыргыз  тилинде жарык көргөн. Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, жумушчу программалары эки тилде жазылган.

Педагогика (кесиптик колледжди кошпогондо), кыргыз-кытай, математика жана информатика, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, юридика (7 кафедрасын кошпогондо), социалдык-гуманитардык илимдер, география, экология жана туризм, журналистика факультеттеринде, кафедраларында мамлекеттик тилдин абалы салыштырмалуу жакшы көрсөткүчкө ээ.

         Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору жетектеген мамлекеттик тил бөлүмү окуу жайда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү камсыз кылуу милдетин аткарат.

         Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын иш жүзүнө ашыруу  жана 2019–2022-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 5 пункттан турган жол картасы иштелип чыккан. Ага ылайык 2020-жылы Улуттук университет толук түрдө мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө өтөт  деп көрсөтүлгөн, бирок бул багытта иштер аткарылган эмес. Улуттук университеттин уставы (2017-жылдын 25-январында бекитилген) расмий тилде иштелип чыккан жана бекитилген  (мамлекеттик тилдегиси жок). 

Иш кагаздарынын жана окуу процессинин мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көз салып, негизги делген документтерге университеттин жетекчилиги (ректор, проректорлор) кол тамгасын койгон Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иши менен таанышканда буйруктар гана эки тилде таризделип, калган маалым кат, коштомо кат, арыз, билдирме, кызматтык каттар, актылар, кызматтык тартипти бузуу боюнча протоколдор өңдүү иш кагаздары жалаң расмий тилде жүргүзүлөрү аныкталды. 

Кыргыз тилинде чыккан буйруктар түшүнүүгө кыйынчылык келтирген келегей тил менен орус грамматикасын туурап жазылган. Бул сөзүбүздүн тууралыгын далилдөө үчүн  окуу иштери боюнча проректор Б.К. Темиров кол койгон 2021-жылдын 8-октябрындагы № 07/16 буйругунан мисал келтирели:

Ержанова Шаригат Джолдыбековна (паспортко шылтабай Жолдыбековна деп эле кыргыз грамматикасына ылайык жазыш керек) –
 экономика факультетинин банктык иш жана салык салуу кафедрасынын ага окутуучусуна 2021-жылдын 10-окябрынан тартып 2022-жылдын 31-августун кошуп Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 133-беренесине ылайык эмгек акысы сакталбаган өргүүсү берилсин (ден соолугуна байланыштуу). Бул сүйлөмдү окуган киши бир нерсени түшүнүүсү кыйын. Буга илимдин доктору болгон жетекчи-проректор кол коюп жатат. Бул буйрук мындайча жазылса, кыргыз тилинин нормасына ылайык келип, түшүнүктүү болуп калмак:  Экономика факультетинин банктык иш жана салык салуу кафедрасынын ага окутуучусу Ержанова Шаригат Жолдыбековнага Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 133-беренесине ылайык эмгек акысы сакталбаган өргүү 2021-жылдын 10-окябрынан 2022-жылдын 31-августуна чейин берилсин.

Эки тилде чыккан айрым буйруктардын текстинин мааниси бири-бирине дал келбей, кыргызчасы түшүнүксүз түзүлгөнүн көрүп, улуттун улук атын алып жүргөн Улуттук университеттин жетекчилиги ушунчалык сабатсызбы деген ойго чирмелип, сарсанаага батасыз. Сөзүбүз сөлтүк болбошу үчүн 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 07-16/-89 буйрукка көңүл бөлөлү:
             Экономика факультети боюнча

Арзыбаев Атабек Алибекович – бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын э.и.д., профессоруна 2021-жылдын 15-сентябрынан тартып 2022-жылдын 31-августун кошуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин (к тамгсы кичине тамга эле болот)133-беренесине жана КУУнун Жамааттык Келишиминин (к тамгасы кичине болот)9.18 п. ылайык, Россия Федерациясынын Воронеж мамлекеттик университетинин чакыруусуна ылайык (?) экономикалык анализ жана аудит кафедрасында илимий-изилдөө иштери,(жүргүзөбү?) лекция(окуйбу?),семинар (сабактарын өтөбү?), стажировка(дан?) өтүү максатында, (үтүр коюлбайт) жумуш ордун сактоо менен эмгек акысы сакталбаган өргүүсү (сү таандык мүчөнүн кереги жок өргүү эле болот).

По экономическому факультету

Арзыбаеву Атабеку Алибековичу – д.э.н., профессору кафедры бухгалтерского учета, анализа и аудита экономического факультета, предоставить отпуск без сохранения заработной платы с сохранением места работы с 15сентября 2021 года по 31 августа 2022 года на оснавании приглашения Воронежского государственного университета Российской Федерации для чтения лекций, проведения семинарских занятий, научно-исследовательской работы и прохождения стажировки на кафедре экономического анализа и аудита, согласно статье 133, Трудового Кодекса Кыргызской Республики и п.9.18 Коллективного договора КНУ.

Бул буйруктун кыргызча менен орусчасын салыштырганда кыргыз текст теңирден тескери маани берип, айрым сөздөр түшүп калган. Тагыраак айтканда маанисин жоготкон сөз кубалаган сүйлөмгө айланган. Ага болсо окуу иштери боюнча проректор кол коюп жатат. Маанисине карап сүйлөм түзсөк, бул текстин кыргызчасы мындайча болот: 

Экономик факультети боюнча

Э.и.д., бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын профессору Арзыбаев Атабек Алибековичке Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 133-беренесине жана КУУнун Жамааттык келишиминин 9.18 п. ылайык, лекцияларды окуу, семинардык сабактарды өтүү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана экономикалык анализ жана аудит кафедрасында стажировкадан өтүү үчүн Россия Федерациясынын Воронеж мамлекеттик университетинин чакыруусунун негизинде 2021-жылдын 15-сентябрынан 2022-жылдын 31-августуна чейин жумуш орду сакталуу менен эмгек акысы сакталбаган өргүү берилсин.

 Ушундай мүнөздөгү дагы бир мисалды келтирип, 2021-жылдын 29-октябрында чыккан № 07/14-473 буйрукка көңүл буруп, салыштыруу үчүн расмий тилдегисин да кошо берели.

О дополнении и внесении изменений

Бексултанову Гүлзаду Азимкановну – к.ф.н., доцента кафедры китайского языка и литературы Кыргызского-Китайского (кичине эле тамга менен жазылат) факультета, перевести с учебной нагрузкой 0,25 ставки внутренного совместительста на условия внешного совместительства (дополнение в приказ №07/14-364 от 30.09.2021 г.)

Толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө: (кош чекит коюлбайт)

Бексултанову Гүлзаду Азимкановну (кыргыз тексте орусча ?) – (ф.и.к. деген жок) Кыргыз-Кытай (кичине эле тамга менен жазылат) факультетинин кытай тили жана адабияты кафедрасындагы 0,25 ставкасы ички айкалыштыруу шартынан тышкы айкалыштыруу шарттына которулсун (2021-ж.30.09. №07/14-364-(дефис № болгондо коюлбайт) буйругуна толуктоо). Ушул сүйлөмдү окуган киши сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүшү кыйын. Мындан сырткары кыргыз тексте окутуучунун аты-жөнү орусча Бексултанову Гүлзаду Азимкановну деп жазылганын кандай түшүнсөк болот. Бул эмне деген сабатсыздык, кайдыгерлик. Мындай документке жетекчи кантип кол коет. Уят эмеспи, сөз да таппайсың. Бул сүйлөмдү кыргыз тилинде мындайча жазсак, орусча текстке да шайкеш келип,  сабаттуурак да түзүлмөк: Ф.и.к., кыргыз-кытай факультетинин кытай тили жана адабияты кафедрасынын доценти Бексултанова Гүлзада Азимкановна сырттан иш айкалыштыруу шартына ички иш айкалыштыруунун 0,25 ставкалык окуу жүктөмү менен  которулсун (2021-ж.30.09.№07/14-364 буйругуна толуктоо).

Ушуга окшогон кемчиликтер университеттин жетекчилиги кол койгон мамлекеттик тилдеги иш кагаздарында дээрлик көп кездешет. Сөзүбүз кур болбошу үчүн ректор жана чарба иштери боюнча проректор кол койгон эки мисалга токтололук.

Дисциплинардык (тартиптик эле деш керек) чара көрүү жөнүндө (2021-ж., 15-ноябрь №390)

1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төмөнкү кызматкерлерине дисциплинардык (тартиптик) чара көрүлсүн:

- Турдалиева Динара Аманбековнага, кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусуна – кесиптик колледждин жетекчилигине (жетекчилигин болот) калп айтып адаштыргандыгы, 2021-жылдын 12, 20-октябрларында сабактарды үзгүлтүккө учураткандыгы жана 2021-жылдын 12-октябрынан 15-октябрына чейин себепсиз жумуш ордунда жок болгондугу үчүн сөгүш берилсин;

- Джунушалиева (паспортто ушундай дебей Жунушалиева деп жаз, биз СССРде эмес, эгемен Кыргызстанда жашайбыз) Бурул Алмазбековнага, маалыматтык жана иновациялык технологиялар факультетинин маалыматтык технологиялар   жана программалаштыруу кафедрасынын улук окутуучусуна- өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилсин.

2. Бухгалтерияга кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу Туралиева Динара Аманбековнанын эмгекке жараксыз баракчасы жок болгондугуна байланыштуу 2021-жылдын 12-октябрынан 15-октябрына (камтылган) чейинки айлык маянасын (? оклад-маяна, заработанная плата-эмгек акы
болот)төлөбөө тапшырылсын.
Минтип, Алмазбековнага, окутуучусуна деп бир өңчөй мүчөлөрдү санап жаткандай түшүнүксүз, тилди сындырган сүйлөм кураштырбай, мындайча сүйлөм түзгөндө, кыргыз тилинин нормаларына ылайык келип калбайт беле.

Тартиптик  чара көрүү жөнүндө (2021-ж., 15-ноябрь №390)

1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төмөнкү кызматкерлерине тартиптик чара көрүлсүн:

-Кесиптик колледждин жетекчилигин калп айтып адаштыргандыгы, 2021-жылдын 12 жана 20-октябрларында сабактарды үзгүлтүккө учураткандыгы жана 2021-жылдын 12-октябрынан 15-октябрына чейин себепсиз жумуш ордунда жок болгондугу үчүн Кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу Турдалиева Динара Аманбековнага сөгүш берилсин;

- өзүнүн иш-милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн маалыматтык жана иновациялык технологиялар факультетинин маалыматтык технологиялар  жана программалаштыруу кафедрасынын улук окутуучусу Жунушалиева Бурул Алмазбековнага  эскертүү берилсин.

2. Эмгекке жараксыз баракчасы жок болгондугуна байланыштуу Кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу Туралиева Динара Аманбековнанын 2021-жылдын 12-октябрынан 15-октябрына  чейинки эмгек акысын  төлөбөө бухгалтерияга тапшырылсын.

Экинчи мисал (2021-ж. 30-июнь №206 буйрук).

1. Байдавлетова Адашкан Нукеновнага, №11-(№ белгиси бар жерге дефис коюлбайт) студенттик жатакананын комендантына өзүнүн функционалдык милдеттерин, жетекчисинин(? жетекчиликтин болот) көрсөтмөлөрүн так жана өз убагында аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам. (Бул пунктту 3-пунктка жылдырса туура болот).

3. Иш кагаздарын жүргүзүү секторуна буйрукту кызыкдар тараптарга өз убагында тааныштыруу милдеттендирилсин.

Кыргыз тилинин синтаксис нормаларына ылайык келбей, чубалжып түшүнүүгө кыйынчылык келтирген, орто мектептин деңгээлинде жол-жоболоштурулган бул буйрукту минтип жазсак, сабаттуу болуп, түшүнүүгө да жеңил болмок:

1. Өзүнүн иш-милдеттерин, жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн так жана өз убагында аткарбагандыгы үчүн №11студенттик жатакананын коменданты Байдавлетова Адашкан Нукеновнага эскертүү берилсин.

2. Ушул буйрукту кызыкдар тараптарга өз убагында тааныштыруу иш кагаздарын жүргүзүү секторуна милдеттендирилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам. 

Ушундай иш кагаздарына окуу жайдын жетекчилиги кол коё берсе, улуттук университетте улуттук тилибиздин уңгусу уланып, мамлекеттик деңгээлге жетиши күмөн жараткандай ойго жетелейт.

Окуу-процессти координациялоо бөлүмүнүн иш кагаздары толук эмес, бар иш кагаздарынын 6% гана мамлекеттик тилде даярдалат. Болжолдуу окуу планы 2018-жылы расмий тилде бекитилген. Мамлекеттик билим берүү стандарттары мониторинг учурунда жок болуп чыкты. Ушуну менен бирге, адистиктер/багыттар боюнча базалык окуу пландары, жумушчу окуу пландары, магистратура багыттары боюнча базалык окуу пландары, жумушчу окуу пландары расмий тилде гана жүргүзүлөт. Кадрлар бөлүмүндө буйруктар, отчеттор, актылар негизинен, расмий тилде даярдалат. Студенттик кадрлар бөлүмүнүн иш кагаздарынын 80% расмий тилде. 2 тилде бирдей даярдалган буйруктарынын мамлекеттик тилдеги текстинде бир топ каталар кеткен. Билим берүү сапаты бөлүмүнүн, юридика бөлүмүнүн,

аспирантура, докторантура бөлүмүндө дагы иш кагаздардын көбү расмий тилде жүргүзүлөт. Илим жана инновация бөлүмүнүн илимий-техникалык кеңешине мүчөлүккө киргизүү боюнча билдирүүнүн саны – 35, анын 5и гана мамлекеттик тилде, 30у расмий тилде. Илимий-техникалык кеңештин протоколдору орус жана кыргыз тилдеринде жазылат. 

Окумуштуулар кеңешинин иш кагаздары эки тилде жүргүзүлөт. Күн тартибине коюлган маселелердин негизинде келип түшкөн отчеттор менен маалыматтардын көбү расмий тилде. 

Университеттин расмий сайты https://www.knu.kg үч тилде иш жүргүзгөнгө ылайыкташкан. Бирок сайттын УЧА (туурасы ЧУА) бөлүмүндөгү ченемдик укуктук актылардын бардыгы расмий тилде жайгашкан.

Өз  ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди дээрлик колдонбой, иш кагаздарын расмий тилде жүргүзгөндөргө орус жана славян филологиясы, чет тилдер, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, информациялык жана инновациялык технологиялар, география, экология жана туризм факультеттери жана алардын кафедралары кирет. 

Журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын иш кагаздары да расмий тилде экендиги мониторинг учурунда белгилүү болду. 

Мындан сырткары гуманитардык факультеттер үчүн чет тилдер жана табигый илимдер факультеттери үчүн чет тилдер кафедраларынын, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин жана ага караштуу кафедралардын, кыргыз-европа факультетинин жана ага тиешелүү кафедралардын, бизнес жана башкаруу факультетинин, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин, философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлөт

Жалпылап айтканда, Улуттук университеттин ишмердүүлүгү менен окуу процессинде мамлекеттик тил 25% гана колдонулат жана иштин дээрлик 75%  расмий тилде жүрөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен жана ректораттан кагаздар 90% расмий тилде жиберилгендиги пайыздык көрсөткүчтү эле эмес, мамлекеттик тилдин ролун да төмөндөтүүдө. Демек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 14, 17, 18, 27-беренелеринин талаптары аткарылган эмес. Өзгөчө, Мыйзамдын 5-главасынын 18-беренесинде “Билим, илим жана маданият чөйрөсүндө “Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында, кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат”,- деп белгиленгендигине карабастан окутуу расмий тилде гана жүргүзүлүп келет. 

Негизинен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети мамлекеттик тил жана тил саясаты маселеси боюнча республикада үлгү көрсөтүү озуйпасын аркалаган университет болуш керек эле. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы боюнча абал такыр башкача экендиги аныкталды. Ошондуктан улуттун уңгусун түзгөн мамлекеттик тилдин  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин иш жүргүзүүсүндө 20%дын тегерегинде колдонулушу, анын “улуттук” деген макамына шайкеш, төп келеби деген суроолорду аргасыздан жаратат. 

                                                           Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
                                                           Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия

Архив