БМПКда иш кагаздарды мамлекеттик тилде туура жүргүзүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин эмгек жамаатына иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча семинар-трениг болду. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Альфира Супатаева өткөрдү. Семинарда иш кагаздарын КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын” талаптарына ылайык тариздөө жана КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы №567 токтому менен бекитилген “Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине” ылайык жазуу боюнча кеңири маалымат берилди.


Архив