“ЖМКларда жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы” аттуу мониторингдин жыйынтыгы боюнча талкуу болду

     Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында  «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүндө, уктурууларында, продукцияларында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы» аттуу мониторингдин жыйынтыгы боюнча талкуу болуп өттү. 

     Жыйынга Улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж.Мусаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсегул уулу, ЖМКлардын өкүлдөрү, медиа эксперттер катышты.

     Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгесине ылайык Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүндө, уктурууларында, продукцияларында жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы» боюнча мониторинг жүргүзүү милдети киргизилип, ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырылган. 

Мониторинг «Тынчтыктын мониторинг сервиси» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүргүзүлүп, жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков, медиа эксперт Марат Токоевдер мындай деңгээлдеги мониторингдин биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын, аныкталган олуттуу маселелерди, ЖМКларда эң көп кездешкен типтүү каталарды  белгилеп өтүштү.

     Мониторингде жалпысынан мамлекеттик жана менчик 49 ЖМК, анын ичинде 36 ТВ, 9 радио жана 4 гезит талдоого алынды. Ар бир ЖМКнын 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары ичиндеги бир жумалык иши (берүүлөрү, уктуруулары, продукциялары) каралды. 


Телеканалдар боюнча


 


Радиоканалдар боюнча


Гезиттер боюнча

Жыйындын жүрүшүндө мониторинг учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу жана алардын алдын алуу жолдору талкууланды. Журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү тренинг, семинар, курстарды уюштуруу, ЖМКлар үчүн кесиптик сөздүктүн иштелип чыгып, Терминолгиялык комиссиянын кароосуна киргизүү зарылдыгы белгиленди. Программанын алкагында бул мониторингдин жыл сайын улантылуусу жана иштин натыйжалуулугу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү макулдашылды.

                



Архив