К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги мамлекеттик тилдин абалы тууралуу жолугушуу болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2021-жылдын 11-ноябрындагы №91 буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу тобу 2021-жылдын 22-ноябрынан 26-ноябрына чейин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы менен таанышкан. Бүгүн аталган окуу жайдын жетекчилиги, декандар, кафедра башчылары жана окутуучуларынын катышуусунда  мониторингдин жыйынтыгы менен тааныштыруу максатында жолугушуу болду. 

Бул иш-чарада жумушчу топтун төрайымы, Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева баштаган жумушчу топтун мүчөлөрү болушту. Ошондой эле ректор Р.З. Нургазиев, мамлекеттик тил боюнча ректордун орун басары С.Т. Батаканова ж.б. жетекчилер катышты. 

Окуу жайдын жетекчилиги айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алуу менен, аларды жоюуга болгон аракетин жумшаарын билдиришти.


Архив