Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга жаңы төрага дайындалды

 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 10-майындагы №144 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Ал эми 2022-жылдын 10-майындагы №145 Жарлыкка ылайык Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп  дайындалды.

Төраганы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаевдер келип, Улуттук комиссиянын жамаатына тааныштырды.

Архив