Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата “Мээрим нуру” бала бакчасында семинар болду

КР Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгына жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иш-чаралар планына ылайык, бүгүн, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата №180 “Мээрим нуру” бала бакчасында семинар болду.

Бул иш-чарага фиология илимдеринин доктору, академик Сыртбай Мусаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын  билим берүү башкармалыгынын башчысы Лосникова Назгүл, аталган башкармалыктын башкы адиси Сапалова Жайнагүл жана ата-энелер, тарбиячылар, балдар катышкан семинар болуп өттү. Иш-чаранын максаты өз өмүрүн тилге арнаган Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндө маалымат берүү, анын чыгармачылыгын, өмүр баянын, тил жөнүндө айткандарын жайылтуу, бөбөктөрдү патриоттукка тарбиялоо, ата-энелер менен тыгыз кызматташуу. 

Бүгүнкү иш-чаранын башында манас айтылып, балдарга туура тарбия берүү максатында сөздөр сүйлөндү. Бакчанын жетекчиси Райымбекова Зулфия Алтынбековна башында туруп, балдар жана тарбиячылар тарабынан даярдалган чакан программа катышкандардын маанайын көтөрдү.

Архив