Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата радио таймаш өттү

Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кыргыз радиосу менен биргеликте 14-15-май күндөрү саат 10.00дөн 11.00гө чейин студенттер аралык радио таймаш өткөрдү. Таймаштын максаты жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгын, мурас катары калтырып, жазып кеткен нускалуу сөздөрүн даңазалоо.

Бул таймашка жогорку 4 окуу жай (Ж.Баласагын атындагы КУУ, К.Карасаев атындыгы БМУ, И.Арабаев атындагы КМУ, И.Ахунбаев атындагы КММА) төрттөн студент даярдап, жалпы 16 студент катышты.

Катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын атайын белгиси түшүрүлгөн футболка, кепка, кружка жана Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептер белекке берилди. 

Архив