А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада эки китептин бет ачары болду

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Латын тамгасындагы кыргыз китептери. 1927-1943 жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары аттуу китептердин бет ачары болот.

Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. “Латын тамгасындагы кыргыз китептери. 1927-1943” китебинин түзүүчүсү, редакциялык-басма жана музей иштери бөлүмүнүн башкы китепканачысы,  Улуттук китепканада кырк жылдан ашык эмгектенген, маданияттын мыкты кызматкери Айтбү Самарбековага Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси тапшырылды.

“Латын тамгасындагы кыргыз китептери. 1927-1943” китеби библиографиялык көрсөткүч болуп саналат. 

Бул библиографиялык көрсөткүч 1992 аталыштагы кыргыз жана дунган тилдериндеги бардык китеп продукциясын чагылдырат. Маалым болгондой, 1943-жылга чейин республиканын жазма-басма иштеринде латын алфавити колдонулуп келген. Көрсөткүчтө белгилүү кыргыз агартуучулары – Э. Арабаевдин, С. Нааматовдун окуу китептери, көрүнүктүү акын-жазуучулар А. Токомбаевдин, А. Осмоновдун жана башкалардын чыгармалары, ошондой эле дунган агартуучулары  Ю. Ян-шан-синдин, Я. Шивазанын  алгачкы окуу куралдары жана дунган көркөм адабияты чагылдырылды. Бул басылмалар Кыргыз ССРинин тарыхый-маданий өсүшүн чагылдырып, улуттук маанидеги тарыхый мурас эстеликтеринин катарына кирет.

Көрсөткүч китепкана иштери, басма, эл агартуу иштери боюнча изилдөөчүлөргө, кыргыз китебинин тарыхына кызыгуучуларга арналат.

“Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары” маалымдама китебинде 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп,  адабий сыйлыкка татыктуу болгон 38 лауреат тууралуу маалымат берилген. Сыйлык кимдерге, кандай эмгеги үчүн, кайсы жылы ыйгарылгандыгы такталды. Маалымдамада лауреаттар сыйлыктын берилиши боюнча хронологиялык тартипте жайгаштырылды. Түзүүчүлөр – Айтбү Самарбекова жана Байкал Мамбетова. 

Иш-чаранын алкагында Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттарынын сүрөт көргөзмөсү болду. 

Китептердин бет ачарына  маданият жана искусство ишмерлери, акын-жазуучулар, Бишкек шаарындагы китепканалардын жетекчилери, Улуттук китепкананын ардагерлери катышты. 



Архив