“Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китептин бет ачары болду

Акын, коомдук ишмер Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү.  

Жарык көргөн китептин таанытмасына акын-жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышып, омоктуу оюн ортого салды.

Мега-Формат басмасынан 500 нускада жарык көргөн автордун бул китебине поэтикалык ырлары, өмүр жолун баяндаган эскермелери топтолгон. 

            "...Акыркы жылдары Ибраимдин жазган ырлары да кескин өзгөрүп, сапаты тынбай жогорулай берди. Өзгөчө, анын Америкада жүрүп ата-энеси, тууган-уруктары, бала-бакырасы, туулуп-өскөн жери, ковидге байланыштуу карантин мезгилинде эл-журт, замандаштар жана курсташтар тууралуу жазган ырлары башкача бир баалоону талап кылган деңгээлге көтөрүлгөн эле. Бул чыгармалар анын жаркын элесин түбөлүк сактап кала тургандыгына терең ишеничтемин!" – дейт курсташы Нурланбек Азылов.


Архив