«Байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы» жарык көрдү

Белгилүү окумуштуу-түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор К. Конкобаев, Н. Усеев жана Н. Шабданалиевдердин авторлугу астында жарык көргөн “Байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы” китебинин (7 томдуктун 1-томунун) таанытмасы 2021-жылдын 11-июнунда Эл аралык медицина университетинде болуп өттү. 

Иш-чарага Мажарстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Монголиянын, Өзбекстандын элчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, КР УИА академиги О. Ибраимов, мамлекеттик жана комдук ишмерлер М. Шеримкулов, Ж. Сааданбеков жана башка белгилүү окумуштуулар, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Чыгып сүйлөгөндөр аталган эмгектин маани-мазмуну, фундаменталдуулугу, түрк жана кыргыз таануу илимдери үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ экендигин, мындай маданий мурасты жарыкка чыгарууда авторлордун эмгегине ыраазычылык билдиришти.

Эмгектин авторлорунун бири, профессор К. Конкобаев өз сөзүндө байыркы түрк жазма эстеликтеринин жаралуу тарыхына токтолуп, орхон-енисей дооруна таандык жазууларды академик С.Е. Малов баса белгилеп кеткендей “кыргыз жазуулары” катары илимий эмгектерде ачык жазуу зарыл экендигине токтолду. 

Аталган жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси А. Орозов катышты.

Архив