Баткен шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткарбагандарга эскертүү берилди

Баткен шаардык мэриясынын буйругунун негизинде түзүлгөн тил комиссиясы тарабынан шаардын аймагындагы жарнактар, кулактандыруулар, багыт берүүчү түшүндүрмөлөр жана башка маалыматтардын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп берүүсү боюнча рейд өткөрүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын аймагында иш алып барып жаткан бир топ жеке менчик ээлерине "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын беренелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талабын бузган ишкерлерге аталышын жана маалымат берүүчү жарыясын  мамлекеттик тилде жазуу боюнча  эскертүүлөр берилди. 

Баткен шаардык мэриясы тарабынан атайын түзүлгөн мамлекеттик тил боюнча комиссия аталыштырды, жарнактарды, кулактандырууларды жана башка көрүнөө маалыматтардын мамлекеттик тилде жазылуусун камсыз кылууну жеке ишкерлерге эскертет. 

Ал эми белгиленген мөөнөттө талап   аткарылбаган учурда, комиссия тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт! 


Баткен шаардык мэриясынын   маалымат кызматы

Архив