Каныбек Осмоналиев: «Мектептерге «чала-молдо дин бузарларды» жолотпош керек» (Төрага К.Осмоналиевдин «NazarNews.kg» сайтына берген маеги)

«Биз кыргыздар эч качан фанатик исламист болгон эмеспиз жана болбойбуз дагы!», - деди бүгүн, 13-июнда NazarNews маалымат агенттигине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, арыбаңыз! Президенттин мектептерге дин тарыхын киргизүү боюнча Жарлыгына кандай пикирдесиз?

- Мен бул Жарлыкты активдүү колдойм. Анткени, аталган маселени мен 2009-жылы эле Дин комиссиясынын төрагасы катары ошол кездеги Коопсуздук Кеңешине сунуш кылып киргизген болчумун. Аны «Дүйнөлүк диндердин тарыхы жана маданияты» деп атаганбыз.

Бирок, ошол кездеги «дөөпөрөстөр» түшүнбөй коюшкан. Ал турсун ошол кездеги Билим берүү министринин алдындагы билим берүү академиясынын бир "жагымпоз" шүдүңгүтү мени катуу сындап чыккан.

Эми ошол эле эргул бүгүн баарыбыздан катуу кыйкырып идеяны колдомуш болуп жүрөт. Ачыгын айталычы, бул маселени бизден башка өлкөлөр эбак эле бир жаңсыл кылып чечип коюшкан.

Мисалы, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, жана Казакстан. Европа менен Азияны айтпай эле коёюн. Аларда диндердин тарыхы менен маданияты укмуш зор деңгээлде окутулат.

Бирок, мектептерге «чала-молдо дин бузарларды» жакындатпаш керек. Муфтият менен Дин агенттигинин азыркыдай агрессивдүү саясаттарына жол берип койсок, анда, орто мектептер тез эле чала-сабат окуулардын борборлоруна айланат дагы, кыргыз коому тез эле айыгышкан жаатташууга малынып калат.

Ооба, Президенттин Жарлыгында бул предметти кандай адамдар окута турганы жалпы түрдө жазылып кетиптир!  Бирок, аны Билим берүү министрлиги катуу тескей алабы? Же кечээ алардын башчылары айткандай, «окуучуга тарбияны мектеп бербейт, ата-эне берет!» - дешеби!

Бул жоопкерчиликтен качуу же болбосо элге болгон чыккынчылык! Эми ушундай эле дөөпөрөстүк менен динди дагы мектепке жайылтып жиберишпейби, министрликтин «кайберендери»? Мен ушундан чочулап, коркуп турам!

- Президенттин бул Жарлыгы зарылчылыктан улам келип чыктыбы же аргасызданбы?

- Бул Жарлык зарылчылыктан чыкты. Биздин коомубуз динге өтө эле бейбаштык менен малынып алды. Айрыкча, жаштарыбыз. Дин десе эле исламды айта беребиз. Ооба, бизде ислам дин басымдуулук кылат. Бирок, андан сырткары Кыргызстанда христиан диндеринин бардык секталары, буддизмдин түрдүү тармактары, Иудаизм адептери, синкретикалык агымдар. Ал турсун, «Аун Синрикё», «Саентология», «Жахабанын күбөлөрү» «Таблиг жамааты», ж.б. деструктивдик агымдар баштаган сайда саны жок секталар кыргыз жаштарын туш тараптан талап кетишти го?

Дин жаатында Орто Азиядагы эң эле бейбаш өлкө болдук! Анан кайдагы улуттук идеология же кыргыз иденттүүлүгү? Эми ислам боюнча. Биз кыргыздар эч качан фанатик исламист болгон эмеспиз жана болбойбуз дагы! Бүгүнкү караңгычылык абалды уюштурган бир ууч эле акчага азгырылган макулуктар. Ооба, алар азыр социалдык желелерди ээлеп алышып, кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына каршы иштерди уюштуруп жатышат.

Ал турсун кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкендей болушууда. Алардын артында чет-өлкөлүк диний миссионерлер турушат. Алар биздин элди, айрыкча, жер-сууларыбызды, кен-байлыктарыбызды басып алабыз дегенде эки көзү төрт. Дин жөн эле курал, беттерин калкалоо болууда.

Ошондуктан, президент Садыр Жапаров жаштарыбыз динди адекваттуу түшүнсүн, өзүнүн дүйнө таанымын ирээттеп алсын деген максатта жогорудагы Жарлыкты чыгарды. Кептин баары эми Билим берүү жана Маданият министрликтеринде! Колдорунан келээр бекен?

Булак: NazarNews.kg


Архив