Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын апталык чогулушу болду

Бүгүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты  боюнча  улуттук комиссиянын иш мерчемдери тууралуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышкан чогулушу болду. Бул отурумга К.Осмоналиев өзү төрагалык кылып, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева, Тил саясатынын мониторинги жана талдоо бөлүмүнүн башчысы А.Супатаева, Окуу жана маалымат борборунун башчысы А.Исманкулова, Энциклопедия жана терминология борборунун директору Д.Андашев, Терминология борборунун бөлүм башчысы А.Акынбекова, маалымат катчы К.Жакыбалиев жана кассир А. Жийдебаева, башкы адис А.Орозов, юрист Б.Таласбаев, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Т.Темиров, башкы адис Г.Бирназарова, “Кыргызтесттин” жетекчиси  Б. Топоева-Ставинская жана төраганын коомдук башталыштагы кеңешчиси Д.Керимов катышты.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башкы адиси Орозов Асылбек Кудайбердиевич Эл аралык жогорку медициналык колледжинде өткөн ф.и.д., профессор К.Конкобаевдин “Байыркы түрк жазма эстеликтеринин  атласы” китебинин жөнүндө кыскача маалымат берди.

“Улуттук нарктуулук жөнүндөгү”  КР Президентинин Жарлыгынын негизинде Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында өткөрүлө турган “Мамлекеттик тил жана улуттук нарк” аталышындагы жыйынды уюштуруу боюнча маселелер каралды. 




Архив