И. Азизилла уулу: «Мектептерде дин боюнча предметтин киришин колдойм, бирок… »

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерге "Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Токтом боюнча өлкөнүн бардык мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта 9-класстын окуучуларына "Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окутула баштайт. Бул үчүн буга чейин иштелип чыккан окуу-методикалык комплексин толуктап, басып чыгаруу тапшырмасы берилди. Андан ары 7-8-класстын окуучуларына да предмет этап-этабы менен киргизилмекчи. Бирок коомчулукта мектеп окуучуларына дин сабагынын киргизилиши ар кандай пикирлер айтылууда. Бул маселе боюнча эксперт Иманбек Азизилла уулу өз оюн мындайча билдирди:

- «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин киргизүү жөнүндөгү» Жарлыкка кол коюлган күндөн тарта көпчүлүк жарандар колдосо, улуттук баалуулуктарды жана светтик принциптерди ар дайым манипуляциялаган, өлкөнүн 1 пайызын дагы түзбөгөн, бирок дайыма элдин атынан сүйлөп «погода» жараткысы келген тараптар каршы чыгып атышат. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алардын ою боюнча мектептерге дин сабагы кирсе эле өлкөбүз Сирия же Афганистан болуп кетет имиш! «Оозуңа кара таш» деген гана киши жок да. Ушунчалык карасанатай, билимсиз, парасатсыз да болобу киши. Ошо «Сирия болуп кетпесин», «Афганистан болуп кетпесин» деп киргизилип атат да дин сабагы! Ушуну түшүнүүгө анчалык деле көп акылдын кереги жок го.

Өзгөнү сыйлабаса да өзүн сыйлаш керек адам баласы. Эптеп эле каршы чыгып коюуну баатыр көрүп алган былжыр тенденциядан куп тажадык. Каршы чыктыңбы, конкреттүү жүйөө келтир, аргумент көрсөт. Долбоор жана календарлык план менен тааныш. Бул тема мындай же тигиндей экен деп негиздүү сын пикир айт. «Бош чака катуу калдырайт» болуп негизсиз калдыроо кимге пайда? Каршы чыгып баатырсынбай, көйгөйгө альтернативалуу сунуш алып чык. Десе кээ бирлери каада-салтты бетине кармап чыгып алыптыр. Салт-санаанын орду башка, диндин жолу башка. Бул экөөнү чаташтырып, бири-бирине каршы коюу билимсиз кишинин же ниети бузуктардын иши. Көйгөйдү чечүү колдон келбейби, субъективдүү көз карашты үйдөгү бир бурчка жыйыштырып, элдик-мамлекеттик кызыкчылыкты алдыга кое билиш керек.

Кыргызстан элинин 90 пайызы ислам динин карманат. Андай болсо эмнеге көпчүлүктүн укугун азчылык тебелеши керек? Көпчүлүктү түзгөн жарандардын балдары да төл дини – исламды тааныгысы келет да. Так ошол талапты эптүүлүк менен пайдаланып, салттуу исламият дүйнө таанымын окутуу керек. Ошондо диний маалымат жеткирүү кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлгө алынып, жаштарга туура маалымат берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Эгер мектеп курагында туура багытты үйрөтпөсөк, эртең 11-классты бүткөндөн кийин түптүз экстремисттик же террордук группаларга кирип кетиши толук мүмкүн. Бул өтө кооптуу болуп атпайбы.

Демек, бул Жарлык зарылдыктан улам чыкты да. Биринчиден, жаш өспүрүмдөргө туура диний маалымат берүү көздөлүп жатат. Т.а. жаш жеткинчектерди дин атын жамынган ар кандай кооптуу тайпалар жана залалдуу көз караштарынан коргоо максат кылынууда. Экинчиден, адеп-ахлактык жактан катуу аксай баштаган жаш өспүрүмдөрдү диндин баалуулуктарын эптүү пайдалануу менен тарбиялоо турат.

Бул предмет азыр эле чыга калган жери жок. Алгач «Ыйман сабагы» деген аталыш менен мектептерге кирген. Кийин молдолор талашканда «Адеп сабагы» болуп өзгөргөн. Бир канча жыл илгери предметтерди кыскартуу жана оптималдаштыру жүрүп, адашпасам «Коом таануу» деген предметке кошулуп кеткен. Деген менен динди объективдүү таанытуу маселеси орчундуу бойдон калып келген. Президенттин демилгеси менен кайрадан жанданып, атайын сабак катары киргени жатат. 

Мектептердеги дин сабагы салттуу ислам дүйнө таанымына негизделиши керек. Анын ичинде матуридилик жана ханафиликке басым жасаган оң. Мектепте дин сабагы кирет десе эле даарат алып, намаз окууну үйрөтөт деп түшүнбөш керек. Предметтин максаты - окуучулардын текши «диндештирип», орто мектептен молдо чыгарыш эмес, дин боюнча объективдүү маалымат берүү. Бул жакынкы келечекте өлкөбүздө диний туруктуулукту шарттоо үчүн өтө маанилүү чечим жана зарыл механизм. Башка диндер боюнча да объективдүү, учкай маалымат берип, салыштыруу методун үйрөтүш керек.

Бүгүнкү капсалаңдуу ааламдашууда жаштарга диний жана улуттук баалуулуктарды айкалыштыруу менен улуттук иденттүүлүктү бекемдеп, келечекти кепилдикке алуу түйшүгү турат. Бул озуйпаны биз айтып жаткан предмет кандайдыр бир деңгээлде алып кете алат. Предметтин кириши менен жаштарда ислам баалуулуктары; адеп-ахлак, диний сабырдуулук жана толеранттуулук калыптанат. Бул предмет тандоо сабагы катары эмес, мажбурий окутулса жакшы болор эле. Ошондо диний маданият өсмөк. Жогорку предметтерди жакшы өздөштүргөн жаштарды экстремисттик жана террористтик көз караштар азгыра албайт эле. Өлкөдөгү диний коопсуздук аз болсо да кепилденмек.

Деген менен предметтин аталышы купулума толбоду. «Диндердин өнүгүү тарыхы» дегени кандай? Ошондо башында 5 маал намаз парз болсо, өнүгүп отуруп 15 маал болуп кетеби? Отуз күндүк орозо өнүгүп отуруп токсон күнгө чыгып барабы? Дин негиздери Кудай кандай түшүргөн болсо, ошол бойдон тура берет да өнүкпөй-нетпей эле. Кыскасы, аталышта логикалык алешемдик бар. Аталышына карап эмне окутуларын баамдаш кыйын. Мисалы, б.з.ч. 6-5-к.к. буддизмди Сиддхартха Гаутама деген киши түптөгөн деген маалыматтын жаш өспүрүмдөргө пайдасы эмне болуучу? Кандай руханий баалуулук алат? Окуучу эмне тарбия алат? Ошондуктан «дин таануу» деген аталыш туура болмок деп ойлойм. «Дин таануу» дегенди «дин таңуулоо» деп түшүнбөш керек! Ким ошентип түшүнүп алса, ал өзүнүн маселеси. Аталыш боюнча бир-эки жыл ичинде сөзсүз маселе көтөрүлчүдөй болуп турат. «Диндердин өнүгүү тархы» деген аталышты динге анча деле жылуу карабаган адамдар киргизип салгандай. Президент башында айткан «Ыйман сабагы» каякта да «диндердин өнүгүү тарыхы» каякта? Балким, предметти тарыхчыларга өткөрүп бере салуунун жандалбасы болуп жүрбөсүн.

А тарыхчылар эмнени окутат?  «571-жылы Мукамбет деген киши төрөлгөн» деген хроникалык маалыматты берүү менен чектелет да. Дегеле тарыхчылар теологиялык билими болбой туруп кантип дин боюнча илимий негизде маалымат бере алат? Күтүлгөн натыйжаны көрсөтө алабы? Тарыхчылар эртеден кечке смартфонго, сабактан кийин көмпүтүргө жабышкан «төрт бурчтук баш», мекенчилдик сезими жокко эсе, карманган баалуулугу жок, келечеги тумандуу космополит, көпчүлүгү «руханий оорукчан» жаштарды моралдык жактан дарылай алабы? Орто мектептер тарыхый миссияны теологдорго берүүгө даярбы? Кээ бир сабак тийбей калган мугалимдер саат талашып тоскоолдук жаратпайбы? Тарыхчылар динди коюп, оболу Ата мекендик тарыхыбызды дурустап үйрөтүп жатабы? (көпчүлүгүнүн деңгээли белгилүү го). Бул суроо тарыхчыларга шек келтирүү эмес. Болгону «бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» деген сөз.

Демек, бул сабакты теологдор гана бере алат. ОшМУ, КТМУ, Арашан жана И. Арабаев атындагы КМУнун теология факультеттерин толук бүткөн теологдорду назарга тутуп жатам. Алар объективдүү диний билим болобу, педагогика болобу, мамлекеттик билим берүү стандарты болобу, айтор көп жагынан артыкчылыктуу даяр кадр. «Самопал теологдор» жарабай калышы мүмкүн. Анан ар кайсы ЖОЖдордо өтө кыска мөөнөттүк курстарды ача коюп, жаңы предметке «инкубациялык» мугалимдерди даярдай салууга шашпай, сапатка маани берүү керек. Себеби бул предмет олуттуу, болуп, эң кылдат жана аяр мамилени талап кылат. Мугалимдер адискөй теолог-педагог болушу зарыл. Ошондой эле мекенчил, мамлекетчил жана улутман болушу шарт. Булардын бирөөсүнөн эле аксаган кадрлар мектепке барбай эле койгону оң деп ойлойм.

Эмнеси болсо да президентибиз айыгышкан каршылыктарга карабай чечкиндүүлүк көрсөттү. Деградацияга катуу учурап, «социомутант» боло баштаган көпчүлүк жаш өспүрүмдөрдү теологдор (аз болсо да) дарылай алат деп ойлойм. Деген менен оңой болбойт. Жумуш оор. Күтүлгөн натыйжа 5-10 жылдан кийин гана сезиле башташы мүмкүн. Себеп дегенде жаңы предмет системага түшүп, кадрлар дасыккыча кыйла убакыт керектелет. Анын үстүнө жаштардын өтө көпчүлүгүнүн тарбиясы аябай начар. Кыскасы, теологдорго оор миссия жүктөлүп жатат. Кудай таала жеңилдик берсин.

Булак: Eurasia Today

Архив