Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча жолугушуу болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №35 буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана аларга практикалык жардам көрсөтүү максатында КР Финансы министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

Аталган министрликтин жетекчилигине жана кызматкерлерине мониторингдин жыйынтыгын тааныштыруу максатында жолугушуу болуп өттү.
            Жолугушууга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, бөлүм башчылар А.Ишеналиева, А. Супатаева, маалымат катчы К.Жакыбалиев, жетектөөчү адис С.Толукбаева, башкы эсепчи Н. Мамбетова, КР Президентинин Администрациясынын Реформалардын саясатын иштеп чыгуу жана реализациялоо, изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, ал эми министрликтен КР Финансы министринин орун басары Улукбек Календеров, Мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Ибраева Айнура, Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы Исраилова Аида жана министрликке караштуу башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Жыйында иш кагаздарын жүгүртүүдөгү бир катар мүчүлүштүктөр ачык айтылып, сунуштар берилди. Төрага Каныбек Осмоналив бул министрликтеги мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздардын пайыздык көрсөткүчү төмөн экендигин баса белгилеп, мындан ары мамлекеттик тилге болгон мамилени жогорку деңгээлге көтөрүү сунушун айтты. Министрдин биринчи орун басары Улукбек Календеров дагы мындай кемчиликтер жоюлуп, иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүүнү колго аларын айтып, убада берди.


Архив