Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча жолугушуу болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2021-жылдын 12-июлундагы №52 буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана аларга практикалык жардам көрсөтүү максатында КР Саламаттык сактоо  министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

Аталган министрликтин жетекчилигине жана кызматкерлерине мониторингдин жыйынтыгын тааныштыруу максатында жолугушуу болуп өттү.
             Жолугушууга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, бөлүм башчы А.Ишеналиева, маалымат катчы К.Жакыбалиев, жетектөөчү адис С.Толукбаева, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси Д.Керимов ал эми министрликтен КР Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улан Садыков, Нуриля Шериева жана министрликке караштуу башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Жыйында иш кагаздарын жүгүртүүдөгү бир катар мүчүлүштүктөр ачык айтылып, сунуштар берилди. Төрага Каныбек Осмоналив бул министрликтеги мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздардын абалы начар экендигин жана министрликте мамлекеттик эч кандай бөлүм же адистин жоктугун баса белгилеп, мындан ары мамлекеттик тилге болгон мамилени жогорку деңгээлге көтөрүү сунушун айтты. Министрдин орун басары Улан Садыков айтылган кемчиликтерди толугу менен моюнга алып, министрликте мамлекеттик тилди өнүктүрө турган атайын сектор же бөлүм ачуу тууралуу маселе коёорун жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүүнү колго аларын айтып, сөз берди.


Архив