Жалал-Абадда “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын өттү

    2022-жылдын 21-июнунда  Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн  чоң жыйындар залында  “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын болду.  Бул жыйында негизги 2 маселе каралды:

1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы.

2. КР Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” 2022-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгынын аткарылышы.

Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиев, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер, шаар мэрлери, билим берүү мекемелеринин, айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканаларынын жетекчилери, коомдук ишмерлер, жаштар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

Жыйынды КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - А.Сыргабаев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. 

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиев – “Жалал-Абад облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери” жөнүндө кенен баяндама жасады. Ошондой эле “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси М.Окенов – “Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил” аталышында кызыктуу баяндамасы менен чыкты. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Б.Топоева-Ставинская ““Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” тууралуу маалымат берди. 

         Андан соң суроо-жооп аркылуу пикир алышуу болуп, жарыш сөз менен уланды. Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошкон айрым кызматкерлер Улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Соңунда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев жыйынтык сөзүн сүйлөп, иш-чара жыйынтыкталды.

         Бул иш-чаранын экинчи бөлүгүндө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиевдин облустун аймагындагы мекеме-ишканалардын иш кагаздары менен таанышуусу болду:

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Жалал-Абад облусундагы филиалы
  2. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы
  3. Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы
  4. Жалал-Абад шаардык мэриясы
  5. Сузак райондук билим берүү бөлүмү
  6. Жалал-Абад шаардык соту
Архив