Ошто “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын өттү


2022-жылдын 22-июнунда, Ош облустук өкүлчүлүгүнүн  чоң жыйындар залында  “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын болду.  Бул жыйында негизги 2 маселе каралды:

1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы.

2. КР Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” 2022-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгынын аткарылышы.

Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Д. Жаныкулов, Ош шаарынын  вице-мэри В.Рыскулова, жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер, билим берүү мекемелеринин, айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканаларынын жетекчилери, коомдук ишмерлер, жаштар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

Жыйынды КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Д. Жаныкулов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң Ош шаарынын вице-мэри В.Рыскулова “Ош шаарында мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү” тууралуу маалымат берди. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиев – “Ош облусунда жана Ош шаарынын аймагында мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчысын калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери” жөнүндө кенен баяндама жасады. Ошондой эле “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси М.Окенов – “Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил” аталышында кызыктуу баяндамасы менен чыкты. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Б.Топоева-Ставинская ““Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” тууралуу маалымат берди. 

         Андан соң суроо-жооп аркылуу пикир алышуу болуп, жарыш сөз менен уланды. Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошкон айрым кызматкерлер Улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Соңунда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Д. Жаныкулов жыйынтык сөзүн сүйлөп, иш-чара жыйынтыкталды.

         Бул иш-чаранын экинчи бөлүгүндө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиевдин облустун аймагындагы мекеме-ишканалардын иш кагаздары менен таанышуусу болду:

  • Ош шаардык билим берүү башкармалыгы;
  • Ош шаарынын РСК, АКБ “Кыргызстан” банктары; 
  • Ош облусунун ички иштер башкармалыгы; 
  • Ош облустук прокуратурасы;
  • Ош облустук соту;
  • Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгы.
Архив