Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик административдик бош кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Маалыматтык талдоо бөлүмү

АДИС 

Сынакка катышуучуларга коюлуучу талаптар:

1. Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамын; 
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 
  • Компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды өздөштүрүү, анын ичинде:
  • Презентацияларды уюштуруу;
  • Эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө;
  • Маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү;
  • КРдин мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынан пайдалануу;
  • Веб-конференц-байланышты уюштуруу боюнча тиркемелерден пайдалануу;
  • Видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу;
  • Вируска каршы программаларды колдонуу;
  • Шифр коюу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;
  • Логин жана пароль коюу;
  • Компьютерде иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, Power Point, маалыматтык-укуктук система “ТОКТОМ Мамлекеттик Про”). 

АДИС – 1 бирдик (К-Б)


1. Кесиптик билим деңгээли:

информациялык жана коммуникативдик технологиялар багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

2.  Иш стажы жана тажрыйбасы:

-    иш стажысына талап коюлбайт.

3.  Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

  • 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”;
  • 2010-жылдын 21-декабрындагы №365 жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  жөнүндө Жобо;
  • 2014-жылдын 2-июнундагы №119  “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы  № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 5-мартындагы №114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591- VI “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу” токтомун;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;

3.2. Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуудаярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны     

- практикалык иште колдонуу;

  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө.

3.3. Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

· Арыз;

· Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен) ;

· Дипломдун жана эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү (нотариус же кадрлар тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

· Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо,артыкчылык берилет)

· Паспорттун көчүрмөсү

Документтер сынак гезитке жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, 17:30га чейин кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана сынакка катышууга чакырылат.

Дареги:  Бөкөнбаев көчөсү 182

Байланыш телефондор: 31-58-15, 31-58-40;

Сынак “Кыргыз тили”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” гезиттерине, толук маалымат менен www.mamtil.kg, www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.



Архив