Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата “Өрнөктүү өмүр, өчпөс мурас” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

Түрк дүйнөсүнө таанымал, заманыбыздын залкар окумуштуусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, кыргыз тил илимине негиз салуучулардын бири, лексиколог жана лексикограф Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата 2021-жылдын 19-январында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде  “Өрнөктүү өмүр, өчпөс мурас” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду.

       Илимий-практикалык конференциянын негизги максаты-залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү катары көргөзүү жана окумуштуунун эмгектерин, илимий мурастарын эл арасына кеңири жайылтуу. Кезинде жалпы элди сабаттуулукка үндөп, кыргыз тилинин абдан бай экендигин далилдеп, даңазалоого бар күчүн жумшаган улуу окумуштуу-агартуучунун кыргыз эли үчүн кайталангыс кылып жазып кеткен эмгектерин бүгүнкү күндө жаш окумуштуу-изилдөөчүлөргө эң керектүү мурас катары колдонууга чакыруу жана өбөлгө түзүү, өсүп келе жаткан кийинки муунга К.Карасаевдин эмгектерин окуу менен кыргыз тилинин бай жана кыргыз эли үчүн баалуу экендигин жайылтуу. 

          Агартуучунун чыгармачыл жана илимий мурастарынын байлыгына анын көптөгөн эмгектери күбө. Өткөн кылымдын 20-жылдарынын аягында Кусейин Карасаев Ишеналы Арабаев менен биргеликте “Сабат ачкычы”, “Жаңылык”  аттуу чоңдор үчүн алиппелерди жазган. Москва шаарында белгилүү окумуштуу Константин Юдахин менен биргеликте “Кыргыз-Орус сөздүгүн”, И.А. Батманов менен бирге “Кыргызча-орусча-кыргызча сөздүгүн” түзүүгө катышкан. Ал жаштардын сапаттуу билим алуусуна, маданий-эстетикалык табитин өстүрүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга ыңгайлуу болгон накыл сөздөрдөн куралган бир топ эмгектерин жаратып, жалпы коомчулукка тартуулаган. “Орфографиялык сөздүк”, “Накыл сөздөр”, “Өздөштүргөн сөздөр”, “Күлкү наама”, жана “Камус наама” сыяктуу кыргыз тилиндеги көптөгөн лингвистикалык эмгектердин автору.

Илимий-практикалык конференцияга Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министри, профессор А.Б. Бейшеналиев, Кыргыз республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.О. Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Н.И. Ишекеев,  Кыргыз республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти, профессор О.А. Тогусаков, Улуттук илимдер академиясынын академиги А.А. Акматалиев, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын мүдүрү, профессор Ж.К. Бакашова, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлору, кыргызстандагы белгилүү тилчи-окумуштуулар, жалпыга маалыматтоо каражаттарынын өкүлдөрү, окутуучулар жана  студенттер  катышты.  

     Иш-чаранын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Н.И. Ишекеевге жана белгилүү тилчи-окумуштууларга Хусейин Карасаев атындагы алтын медаль тапшырылды.

Окумуштуунун эмгектерин даңазалоо максатында атайын китеп көргөзмөлөрү уюштурулду. Конференциянын алкагында К.Карасаевге арналган көркөм тасма көрсөтүлдү. 

     Мындан тышкары кыргыз тил илимине зор эмгек сиңирген бир катар көрүнүктүү окумуштууларга К.Карасаев атындагы алтын медалы, “Эл агартуунун мыктысы” аттуу төш белгилери, КРнын Президентинин караштуу Улуттук тил комиссиясынын жана Бишкек мамлекеттик университетинин сыйлыктары тапшырылды.

         Конференциянын соңунда илимге,  чыгармачылыкка дилгир жаш окумуштуулар, студенттер уюштурган театралдык көрсөтүү болуп, анда К.Карасаевге арналган таланттуу студенттердин ырлары, анын чыгармачылыгы тууралуу Ч.Айтматов баштаган улуу инсандардын айткандары, окумуштуунун өзүнүн учкул сөздөрү элестүү, көркөм сунушталды. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.    

Архив