Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жаңы төрага дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Ал эми 2021-жылдын 21-январындагы №9 Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Мусаев Сыртбай Жолдошович дайындалды.


Архив