Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата И.Ахунбаев атындагы КММАда иш-чара өттү

2020-жылдын 20-январында Иса Ахунбаев атындагы КММАда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыялаган бир айлыгынын алкагында "Х. Карасаев - кыргыз элинин залкар инсаны" аттуу иш -  чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага КР УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук коимиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева, БИМдин мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы Гүлнара Ибраимова, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Бишкек мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы Элвира Ниязбекова катышты. Ошондой эле Х. Карасаевдин замандаштары, бирге жүргөн белгилүү инсандары чакырылды. Медакадемия ар дайым иш-чараларды медицина менен байланышта алып барат. Бул жолу да Х.Карасаевдин "Накыл сөздөрүндөгү медицина", "Орфографиялык сөздүктөгү медициналык терминдер", "Х.Карасев менен ийгиликке кадам" аталышындагы макалалар медициналык илимий изилдөөлөрдү сүрөттөр менен көрсөттү.

Архив