Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү

2021-жылдын 26-январь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда кыргыздын алгачкы лексикографы, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, УИАнын ардактуу академиги Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган "Даанышман баскан даңктуу жол" аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев алып барган жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, куттуктоо сөзүн айтты.

Проректордун сөзүнөн кийин кыргыз элинин улуу мудариси жөнүндө кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан даярдалган видео-тасма көрсөтүлүп, Кусейин Карасаев тууралуу эскерүүлөр айтылып, төмөндөгү баяндамалар окулду:

1. Мелис Абакиров - КР эл жазуучусу: "Молдо Кылычтын жана Осмонаалы Сыдык уулунун китептеринин жарыяланышына К.Карасаевдин өзгөчө камкордугу"

2. Тенти Орокчиев - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: "К.Карасаев аксакал менен болгон маектер"

3. Гүлжамал Жаманкулова - кыргыз филологиясы фаультетинин профессору: "К.Карасаев - кыргыздын алгачкы лексикографы"

4. Ишенбек Султаналиев – филология илимдеринин кандидаты, профессор: "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү боюнча сунуштар"

5. Абакиров Курманбек - филология илимдеринин кандидаты, доцент, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы: "К.Карасаевдин Караколдогу ишмердүүлүгү"

6. Алихан Ибраимов - "К.Карасаевдин 120 жылдыгынын Кыргызстанда белгилениши".

Архив