Жалал-Абадда Кусеин Карасаевди эскерүү болду

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде туңгуч лексикограф жана лексиколог, окумуштуу, профессор Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата “Кыргыз элинин туңгуч тилчиси, илимпозу - Кусеин Карасаевдин басып өткөн жолу, эмгектери окуучулардын эсиндеби?” - аттуу конференция өттү.  

Анда залкар инсандын кыргыз улуттук маданиятына, кыргыз филологиясы менен журналистикасынын негизделишине жана илимий-практикалык жактан калыптанышына кошкон зор салымы, ошондой эле илимпоздун кыргыз тилинин байлыгын даңазалаган эмгектери тууралуу окуучуларга маалымат берилди.

Мектептерде Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата атайын класстык бурчтар уюштурулган. Окумуштуунун басып өткөн жолу жана эмгектери тууралуу видеороликтер даярдалып, окуучуларга көрсөтүлүүдө.

Архив